Лука 7:7-9
Лука 7:7-9 КЫРИ
Ошол себептен алдыңызга өзүмдүн барышымды ылайык көрбөгөн элем. Кулумдун айыгышына бир ооз сөзүңүз эле жетет. Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» – десем, барат, башкасына: «Кел!» – десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» – десем, жасайт. Ыйса муну укканда, таң калып, элге кайрылды: – Силерге айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин!