Лука 14

14
Мыйзам жана ырайым
1Ыйса дем алыш күндөрүнүн биринде фарисейлердин кайсы бир башчысынын үйүнө конокко келди. Фарисейлер Ыйсанын артынан акырын байкап турушту. 2Ошол убакта денесине сары суу толуп, шишик басып ооруган бир адам Ыйсанын алдына келди. 3Ошондо Ыйса фарисейлер менен мыйзамчылардан:
– Дем алыш күнү дарылоого болобу? – деп сурады.
4Тигилер унчугушкан жок. Ыйса оорулууга колун тийгизип, айыктырды да үйүнө жиберди 5анан тигилерге:
– Араңардан кимиңер баласы же өгүзү чуңкурга түшүп калса, ал дем алыш күнү экенине карабай дароо сууруп чыгарбайт? – деген суроо берди.
6Алар болсо бул суроого жооп бере алышпады.
Төрөпейилдик жана кичипейилдик
7Конокко чакырылгандар орун тандап, төргө өтүп жатышты. Муну байкаган Ыйса ибарат менен мындай деди:
8Бирөө сени тойго чакырса, төргө жулунба. Коноктордун бири сенден сыйлуураак болуп калып, 9экөөңдү тең чакырган адам жаныңа келип: «Бу кишиге ордуңду бер» деп калбасын. Ошондо уят болуп, улагага өтүп барып олтурганга туура келет. 10Конокко келгениңде, төмөн жакка олтуруп жүр. Сени чакырган киши басып келип: «Досум, төргө өт» дегенде, жаныңдагылардын алдында мартабаң арта түшөт. 11Анткени ким өзүн өзү көтөрсө, кемсинтилет, ал эми ким өзүн төмөн кармаса, көтөрүлөт.
Сыйлыкты Кудайдан күт
12Ошондон кийин чакырган адамга Ыйса айтты:
– Түштө же кечинде тамак жасап, конок чакыра турган болсоң досторуңду, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат. 13Ошондуктан жакыр, майып, чолок, сокурларды чакыр. 14Алар сага кайра кайтарганга эч нерсеси болбогондуктан бактылуу болосуң. Анткени кыяматта, адилеттүүлөр тирилген кезде, тиешеңди аласың.
Чакырылгандар жана тандалгандар
15Ыйса менен дасторкондун жанында жамбаштап жаткандардын бири Ага:
– Кудай Падышачылыгынан даам сыза турган адам таалайлуу! – деди.
16Ыйса ага мындай деди:
– Бир киши чоң той тамагын берип, көп адамдарды чакырат. 17Тамактанар маал келгенде, чакырылгандарга кулун жөнөтүп: «Келгиле, баары даяр болду» деп айттыртат. 18Ошондо баары сүйлөшүп алгандай кечирим сурай баштайт экен: «Жер сатып алдым эле, барып көрүп келбесем болбойт, мени кечирип кой», – дейт биринчиси. 19Экинчиси: «Беш жуп өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү баратам, мени кечирип кой», – дейт. 20Үчүнчүсү болсо: «Мен аял алдым, ошондуктан бара албайм», – дейт. 21Кул ээсине кайра келип, баарын айтып берет. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: «Тез бар да, шаардын аянттары менен көчөлөрүн кыдырып, жакыр, майып, сокур, чолокторду алып кел бул жакка!» – дейт. 22Кийин кул ээсине келип: «Таксыр, буйругуңду аткардым, бирок дагы бош орундар бар!» – дейт. 23«Жолдорго чык да, чарбактарды, кашааларды аралап өтүп, адамдарды келүүгө мажбур кыл, үйүмдүн ичи толсун!» – дейт ээси. 24Силерге айтып коёюн: жанагы чакырылгандардан эч кимиси менин тамагымдан экинчи ооз тийишпейт!
Ким Ыйсанын шакирти боло алат?
25Жолдо Ыйсаны көп эл ээрчип келе жатты. Ыйса аларга кайрылып мындай деди:
26Ким Мага келип, бирок ата-энесин, үй-бүлөсүн, бала-чакасын, тууган-туушкандарын, атүгүл өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт. 27Мени өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн#14:27 Мен үчүн өлүмгө даяр болбостон. ээрчиген адам да Менин шакиртим боло албайт. 28Араңардан бирөө мунара кургусу келсе, анда ал адегенде отура калып, сарптала турган чыгымды эсептебей, аягына чыгарганга каражаты бар-жогун калчабай туруп, ишке киришеби? 29Пайдубалын куярын куюп алып, калганын бүтүрө албаса, айланадагылар: 30«Бул кайран баштаарын баштап алып, аягына чыккан жок!» – деп шылдыңдашпайбы.
31Же бир падыша башка бир падышага каршы согушка аттана турган болсо, келе жаткан каршылашынын жыйырма миң аскерине өзүнүн он миңи менен туруштук бере алабы же жокпу – олтура калып, акылдашпайбы? 32Туруштук бере албаса, каршылашы тээ алыста экенинде эле ага элчи жиберип, жансоога сурайт.
33Ушул сыяктуу эле араңардан кимиңер болбосун колунда болгондун баарынан баш тартпаса, Менин шакиртим боло албайт.
34Туз – жакшы нерсе, бирок ал даамын жоготуп койсо, кайра калыбына келтирүүгө болобу? 35Болбойт, анткени ал кыртышка да, кыкка да жарабай калат. Ошондуктан аны ыргытып жиберишет. Уга турган кулагы барлар уксун!

ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:

Лука 14: КЫРИ

హైలైట్

షేర్ చేయి

కాపీ

None

మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి

Лука 14 కోసం వీడియోలు