Лука 12

12
Кудайды урматтагыла жана чындыкты коркпой, ачык айткыла
1Ушул арада миңдеген киши жыйылып, алар бири бирин кыса баштады. Ошондо Ыйса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди:
– Фарисейлердин ачыткысы – эки жүздүүлүктөн алыс болгула. 2Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. 3Ошондуктан караңгыда айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жар салынат. 4Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула. 5Кимден коркуш керектигин айтып коёюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула! 6Беш чымчык бир аз эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт. 7А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар. 8Силерге айтып коёюн: ким Мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудай периштелеринин алдында аны ачык тааныйт. 9Мени эл алдында четке какканды Мен да Кудай периштелеринин алдында четке кагам. 10Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. 11Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, кантип же эмне деп актанышты же эмнени айтышты ойлоп, түйшүк тартпагыла. 12Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.
Дүнүйөкорлуктан алыс болуу жөнүндө ибарат
13Эл арасынан бирөө:
– Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, – деп кайрылды.
14Ыйса ал кишиге:
– Ким Мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? – деди. – 15Анан элге кайрылып: – Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, – деди.
16Ошондон кийин Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди:
– Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет. 17Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок. 18Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коёюн. 19Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан». 20Бирок Кудай ага: «Эй акылсыз, бүгүн түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат?» – дейт. 21Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.
Көр оокаттан өйдө болуп, Кудайга ишенгиле
22Ошондуктан силерге айтып коёюн, – деди Ыйса шакирттерине карап, – «Эмне жейбиз» деп жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла! 23Тамактан жан, кийимден дене артык да. 24Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң. 25Кимиңер түйшүктөнүп, өзүнө бир карыш бой кошо алат? 26Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар? 27Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес. 28Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар! 29Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула! 30Дүйнөдөгү элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин Атаңар буларга муктаж экениңерди билет. 31Андан көрө, Кудай Падышачылыгы жөнүндө ойлогула, ошондо калганы силерге кошулуп берет.
Чыныгы байлык асманда
32Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү. 33Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт. 34Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.
Ыйсанын кайтып келишине даяр болгула!
35Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун! 36Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула. 37Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат. 38Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу. 39Силер билгендей, эгер үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. 40Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.
Ишенимдүү жана ишенимсиз кул
41Ошондо Петир:
– Эгебиз, бул ибаратты бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы? – деп сурады.
42Ыйса мындай деп жооп берди:
– Үйдөгү кулдарына тамак-ашын убагында берип туруш үчүн кожоюн дайындап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү башчыны элестеткиле. 43Кожоюну келгенде тапшырылган ишин аткарып жаткан кызматчы бактылуу! 44Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат. 45Эгер ошол кызматчы ичинен: «Кожоюнум жакында келбейт», – деп, башка кулдарды уруп сабап, жеп-ичип, масчылыкка берилсе, 46кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да, башын жара чаап, ишенимсиздер менен кошо жазага тартат. 47Ээсинин каалоосун билип туруп, даярданбаган, анын каалоосун аткарбаган кул көп таяк жейт. 48Ал эми билбей калып, жазага татыктуу иш кылган кул азыраак таяк жейт. Ошол сыңары, кимге көп берилсе, ошондон көп талап этилет, кимге көбүрөөк ишенип тапшырылса, андан көбүрөөк суралат.
Ыйса үчүн бөлүнүү болот
49Мен асмандан жерге от таштоо үчүн келдим. Ошол от тезирээк жанышын кандай каалар элем! 50Мен өзгөчө чөмүлүүдөн#12:50 Ыйса жаза жыгачында канга чөмүлүп, адамзаттын күнөөлөрү үчүн курман болот. өтүшүм керек, ошол саатым келгиче канча кыйналам. 51Силер Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлойсуңарбы? Жок, бөлүнүү алып келдим десем туурараак болот. 52Анткени мындан ары бир үй ичинде эле беш киши өз ара бөлүнө башташат: үчөө экөөнө каршы, экөө үчөөнө каршы болуп, бөлүнөт. 53Атасы баласынан, баласы атасынан, энеси кызынан, кызы энесинен, кайненеси келининен, келини кайненесинен бөлүнөт.
Өз учурунда элдеш
54Ыйса элге мындай деди:
– Силер батыштан каптап келаткан булутту көргөндө, «жамгыр жаайт» дейсиңер, анан чынында эле жамгыр жаайт. 55Түштүктөн шамал соксо, «күн ысык болот» дейсиңер, анан чындап эле ысык болот. 56Эй, эки жүздүүлөр, көк менен жердин кубулушун ажырата билесиңер, ал эми азыркы убактын кандай экенин кантип ажырата билбейсиңер! 57Эмне үчүн кандай кылуу туура экенин өзүңөр калыстык менен чечпейсиңер? 58Доочуң менен сотко баратканыңда, жолдо андан кутулганга тырыш. Антпесең ал сени сотко сүйрөп келет да, сот жазалоочунун колуна өткөрөт, жазалоочу болсо зынданга салат. 59Айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.

ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:

Лука 12: КЫРИ

హైలైట్

షేర్ చేయి

కాపీ

None

మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి