Жакан 9

9
Тубаса сокурдун айыгышы
1Ыйса жолдо бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү. 2Шакирттери андан:
– Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өз күнөөсү себеп болдубу же ата-энесиникиби? – деп сурашты.
3Ыйса:
– Өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон жок, анын өмүрүндө Кудайдын кудурети көрүнсүн үчүн ушундай төрөлгөн. 4Жарык барда Мени жибергендин тапшырган иштерин жасашыбыз керек, караңгы түшкөндөн кийин эч ким эч нерсе кыла албайт. 5Мен бул дүйнөдө турганда дүйнөдөгүлөр үчүн жарыкмын, – деп жооп берди.
6Ушундай деп, жерге бир түкүрдү да андан ылай жасады. Ылайды сокурдун көзүнө сүйкөп: 7«Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» – деди. (Силоом деген сөздүн мааниси: жиберилген киши).
Ал барып, бетин жууду да, көзү ачылып, кайтып келди.
8Ошондо коңшулары жана мурда кайырчы болуп жүргөнүн көргөндөр таңгалышып, бири бирине:
– Мынабу ушу жерде кайыр сурап отурган адам эмес беле? – дешти.
9Бирөөлөрү:
– Ошол, – дешсе, башкалары: – Жок, бул ага окшош гана киши, – дешти.
Өзү болсо:
– Ошол сокур адам менмин, – деди.
10Адамдар андан сурай башташты:
– Көзүң кантип көрүп калды?
11Ыйса деген киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: «Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» – деди. – Мен барып, бетимди жуудум эле, ошол замат көзүм көрүп калды.
12Ал өзү кайда кетти? – дешкенде,
– Билбейм, – деп жооп берди ал.
Фарисейлердин айыккан адамды тергөөсү
13Ушундан кийин алар мурда сокур болгон кишини фарисейлердин алдына алып келишти. 14Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн – дем алыш күн болчу. 15Фарисейлер да алиги кишиден көзү кантип көрүп калганын сурашты.
– Бир киши көзүмө ылай сүйкөдү, мен бетимди жуудум да, мына эми көрүп турам, – деп жооп берди ал.
16Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү:
– Бул киши Кудайдан келген эмес, себеби ал дем алыш күндүн тартибин бузду, – дешсе, башкалары:
– Күнөөкөр киши ушундай кереметтерди кантип жасай алат? – дешти.
Ошентип, алар эки жаатка бөлүнүштү.
17«Жанагы киши көзүмдү ачты» дейсиң, кана, ал тууралуу дагы эмне айтасың? – деп, алар сокурдан дагы сурашты.
Мурда сокур болгон киши:
– Ал пайгамбар адам, – деди.
18Бирок иудей башчылары көзү ачылган кишинин мурда сокур болуп, эми көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртканча ишенишкен жок. 19Ата-энеси келгенде алардан:
– Сокур төрөлгөн балаңар ушубу? Эми ал кандайча көрүп калды? – деп сурашты.
20Алар:
– Мунун балабыз экенин, анын сокур болуп төрөлгөнүн билебиз. 21Бирок эми кандайча көзү көрүп калды, ошону билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Өзүнөн сураңыздар, бала эмес го, өзү айтып берсин, – дешти.
22Ата-энеси корккондугунан ушундай дешкен, анткени иудей башчылары: «Ким Ыйсаны Машаяк десе, синагогадан чыгарылсын», – деп чечим чыгарып коюшкан эле. 23Ата-энесинин «өзүнөн сураңыздар, бала эмес го» дешкени ушул себептен эле.
24Ошондо иудей башчылары мурда сокур болгон кишини экинчи ирет чакыртышты.
– Кудайдан коркуп, чыныңды айт! – дешти алар. – Жанагы, сени айыктырган кишинин күнөөкөр экенин биз билебиз.
25Тиги болсо:
– Ал киши күнөөкөрбү, жокпу, анысын билбейм. Бир нерсени гана билем: мен сокур элем, эми көрүп калдым, – деди.
26Ал сага эмне кылды? – деп сурашты алар андан. – Көзүңдү кантип ачты?
27Мен сиздерге жана айттым го, бирок уккан жоксуздар. Эмне үчүн дагы уккуңуздар келип жатат? Сиздер да анын шакирти болгуңуздар келип жатабы? – деди ал.
28Анын шакирти сенсиң, – дешти ошондо алар аны жекиришип. – Биз Муса пайгамбардын шакиртибиз. 29Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн биз билебиз, ал эми жанагынын кайдан келгени бизге белгисиз.
30Анын кайдан келгенин билбегениңиздер кызык экен, – деди жанакы киши. – Ал менин көзүмдү ачпадыбы. 31Кудай күнөөкөрлөргө кулак салбайт. Ал эми ким Аны урматтап, каалоосун аткарса, ошого кулак саларын билебиз. 32Дүйнө жаралгандан бери мен сыяктуу тубаса сокурдун көзүн бирөө ачты дегенди эч ким уккан эмес. 33Ал киши Кудайдан келбесе, эч нерсе жасай алмак эмес.
34Ошондо алар буга каршы чыгып:
– Сен тубаса күнөөкөр болуп туруп, бизди окуткуң барбы? – деп, аны синагогадан кууп чыгышты.
Рухий сокурлук
35Алиги кишини синагогадан кууп жиберишкенин Ыйса укту да аны таап:
– Адам Уулуна ишенесиңби? – деп сурады.
36Мырза, анын ким экенин айтыңызчы, мен ишенейин, – деп жооп берди ал.
37Ыйса мындай деди:
– Сен Аны көрдүң, Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат.
38Эгем, ишенем! – деп алиги адам Ыйсанын бутуна жыгылды.
39Ыйса:
– Мен бул дүйнөгө сокурлар көрө алсын үчүн, ал эми көзү көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келдим, – деди.
40Бул сөздү ал жерде турган бир нече фарисейлер да угуп калышып:
– Эмне, анда биз да сокурбузбу? – дешти.
41Ыйса:
– Эгер сокур болсоңор, анда күнөөңөр болмок эмес. Бирок азыр «көзүбүз көрөт» дегениңерден улам күнөөлөрүңөр мойнуңарда калат, – деди.

ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:

Жакан 9: КЫРИ

హైలైట్

షేర్ చేయి

కాపీ

None

మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి