Жакан 7
7
Бир туугандарынын Ыйсаны түшүнбөөсү
1Андан кийин Ыйса Галилея аймагында жүрдү. Иудей башчылары өлтүрмөкчү болгон соң, ал жерде калгысы келбеди. 2Иудейлердин Чөп алачык майрамы жакындап калган. 3Ыйсанын бир туугандары Ага:
– Иудеяга бар, ал жердеги шакирттериң да кереметтериңди көрүшсүн. 4Эл көзүнө түшкүсү келген адам кылган иштерин жашырбайт. Сен ушундай кереметтүү иштерди кылдың, эми өзүңдү бүт дүйнөгө тааныт, – дешти.
5Бир туугандары да Ыйсага ишенишчү эмес.
– 6Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, – деди Ыйса аларга. – Ал эми силер үчүн качан болсо да ыңгайлуу. 7Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Себеби Мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жүрөм. 8Майрамга бара бергиле! Мен азыр бул майрамга барбайм. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек.
9Ал ушундай деп, Галилеяда калып калды.
Ыйсанын чөп алачык майрамындагы таалими
10Бир туугандары майрамга кеткен соң, Ыйса да элге билинбей, жашыруун жолго чыкты.
11Иудей башчылары майрамда Аны аңдып, кайда экенин сураштырып жүрүштү. 12Келген элдин арасында ар кандай күбүр-шыбыр сөз жүрүп жатты. Бирөөлөрү Аны: «Жакшы» десе, башкалары: «Жок, элди азгырып жүрөт», – дешти. 13Бирок иудей башчыларынан корккондуктан, эч ким Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок.
14Майрамдын жарымы өтүп кеткенде, Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, элге таалим берди. 15Иудей башчылары таң калышып:
– Бул атайын даярданбай туруп, Ыйык Жазууларды кантип түшүнүп алган? – дешти.
16Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
– Сөзүм Меники эмес, Мени Жибергендики. 17Кудайдын эркин аткаргысы келген ар кимге бул сөздүн Кудайдан же Менин Өз оюмдан келип чыккандыгы белгилүү болот. 18Өз оюнан чыгарып сүйлөгөн ар ким өзүнүн гана беделин ойлойт, ал эми аны жибергендин беделин ойлогон кишиге ишенсе болот. Анын оюнда арамдык жок. 19Силерге Муса Тоорат китебиндеги мыйзамды берген эмес беле? Чынында бириң да ошол мыйзамды тутунбайсыңар. Анда неге Мени өлтүрмөкчүсүңөр?
20Ошондо алар:
– Сага жин тийдиби? Ким сени өлтүрөм деп жатат? – деп сурашты.
– 21Мен дем алыш күнү бир керемет жасадым эле, – деди буга Ыйса, – баарыңар ошондон аң-таң калып отурасыңар. 22Ал эми Муса сүннөткө олтургузууну буйругандай (чындыгында бул расми Мусадан эмес, андан мурунку ата-бабалардан калган), силер ошол буйрук боюнча туулгандан кийинки сегизинчи күнү, ал күн дем алыш болсо деле, балдарыңарды сүннөткө отургузуп жүрөсүңөр. 23Ошентип, Мусанын мыйзамы бузулбасын деп, балдар дем алыш күнү да отургузулуп келет. Эмне үчүн анда бир адамдын бүтүн боюн дем алыш күнү таптаза кылып айыктырганым үчүн ачууланасыңар? 24Сырткы гана көрүнүшүнө карабай, калыс сот жүргүзгүлө!
Ыйса жөнүндө талаш-тартыш
25Ошондо иерусалимдиктердин арасынан бирөөлөр мындай дешти:
– Башчылар өлтүрөбүз деп жүргөн киши го бул? 26Карасаңар, ачык эле эл алдында сүйлөп жатат! Эмне үчүн буга эч нерсе дешпейт? Же чын эле мунун Машаяк экенине башчылардын көзү жеттиби? 27Машаяк келгенде, анын кай жактан келерин эч ким билбейт. Ал эми анын кайдан экенин биз билебиз да.#7:27 Алар Ыйсанын назареттик экенин билишчү.
28Ошол кезде ийбадаткананын короосунда таалим берип отурган Ыйса үнүн катуу чыгарып:
– Менин ким экенимди, кайдан келгенимди билесиңерби? – деди. – Мен Өзүмөн Өзүм келген жокмун. Мени Жиберген эч качан жалган айтпайт. Силер Аны билбейсиңер, 29Мен болсо билем, себеби Мен Ошондон келдим, Мени Ошол жиберди.
30Бул сөзү үчүн Ыйсаны кармоого умтулушту. Бирок эч кимиси кол салууга даабады. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле. 31Бирок көп адамдар: «Машаяк келгенде, мындан да артык кереметтерди көрсөтөт дейсиңби?» – деп Ыйсага ишене башташты.
32Эл арасындагы ушундай күбүр-шыбыр фарисейлерге жетти. Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө ийбадаткана сакчыларын жиберишти.
– 33Дагы бир аз убакыт араңарда болом, – деди Ыйса аларга, – Андан кийин Мени жибергенге кайтам. 34Мени издейсиңер да таппайсыңар, себеби Мен турган жерге силер бара албайсыңар.
35Ошондо иудей башчылары өз ара мындай деп сүйлөшө башташты:
– Биз таба албагыдай кайда барат? Чет өлкөгө тарап кеткен биздин адамдарыбызга барып, башка улуттарды да окутмакчыбы? 36«Мени издейсиңер да таба албайсыңар», «Мен турган жерге силер бара албайсыңар» дегени эмнеси?
Өмүр берүүчү кайнар булак
37Майрам аягындагы эң маанилүү жана улуу күнү Ыйса эл алдына чыгып:
– Кимдин жан дүйнөсү суусаса, Мага келип ичсин! 38Ыйык Жазууларда жазылгандай, ким Мага ишенсе, анын жүрөгүнөн өмүр берүүчү суу ташкындап агат, – деди.
39Ыйса бул сөзү менен Ага ишенгендер кийинирээк кабыл ала турган Ыйык Рухту айткысы келген. Анткени Кудай Ыйсаны али Өз улуулугуна бөлөй элек болгондуктан, Ыйык Рухун төгө элек болчу.
40Ыйсанын сөзүн уккан кээ бирөөлөр:
– Чынында эле бул келүүгө тийиш болгон пайгамбардын өзү,#7:40 1:21 ди караңыз. – дешсе, 41башкалар:
– Бул – Куткаруучу Машаяк, – дешти.
Дагы башкалар:
– Жок! Машаяк Галилеядан келмек беле! 42Ыйык Жазууларда Машаяк Дөөт падышанын тукумунан, Дөөттүн ата-мекени Бейт-Лехем шаарчасынан чыгат деп жазылган эмеспи? – дешти.
43Ошентип, Ыйса тууралуу талашып, эл экиге бөлүндү. 44Бир нече адам Аны кармоого умтулушту, бирок да кол салууга батынышпады.
Иудей башчыларынын Ыйсага ишенүүдөн баш тартышы
45Ыйсаны кармап келүүгө жиберилген сакчылар кайтып келишкенде, жогорку динкызматчылар менен фарисейлер алардан:
– Эмне үчүн аны бул жакка алып келген жоксуңар? – деп сурашты.
46Сакчылар:
– Ушуга чейин бир да адам ал сыяктуу сүйлөгөн эмес, – дешти.
47Ошондо фарисейлер:
– Эмне, ал силерди да алдап кеткенби? 48Деги башчылар менен фарисейлердин ичинде ага ишенген бирөө-жарым болгонбу?! 49Жок, ага Тоорат мыйзамын билбеген, каргышка калган эл гана ишенет! – дешти.
50Бир ирет түн ичинде Ыйсага келип кеткен жана ошол жердегилердин арасында болгон Никадим мындай собол таштады:
– 51Мыйзам боюнча бирөөгө өз оозунан угуп, териштирбей туруп өкүм чыгарууга болобу?
– 52Эмне, сен да галилеялыксыңбы? Ыйык Жазууларды оку! Галилеядан пайгамбар чыкпайт, ошону билип койгун! – деди ага башка фарисейлер.
53Андан кийин баары тең үй-үйлөрүнө тарап кетишти.
ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:
Жакан 7: КЫРИ
హైలైట్
షేర్ చేయి
కాపీ
మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018