Жакан 3
3
Кудайга кантип жакындоого болот?
1Фарисейлер арасында Никадим аттуу иудей эл башчыларынын бири бар эле. 2Ал бир түнү Ыйсага келди да, мындай деп сурады:
– Устат, Кудайдан келген мугалим экениңизди билебиз, себеби сиздин керемет-жышаандарыңызды Кудайдын колдоосусуз эч ким жасай албайт.
3Ыйса ага мындай деп жооп берди:
– Сага бир чындыкты айтып коёюн: кимде-ким кайрадан туулбаса, Кудай Падышачылыгын көрө албайт.
– 4Карыган адам кантип кайра туулат? Энесинин курсагына кирип, экинчи жолу бул дүйнөгө кайра туулмак беле? – деп сурады Никадим.
– 5Сага бир чындыкты айтып коёюн: пенде сууга чөмүлүп, Ыйык Рухтан туулбаса, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт, – деп жооп берди Ыйса. – 6Денеден – дене, Рухтан – рух туулат. 7«Кайрадан туулууга тийишсиңер» дегениме таң калба! 8Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кеткенин билбейсиң. Ыйык Рухтан туулган киши менен да ушундай болот.
– 9Муну кандайча түшүнсө болот? – сурады Ыйсадан Никадим.
– 10Ысрайылдын дин мугалими болуп туруп, ушуну билбейсиңби? – деди Ыйса. – 11Сага бир чындыкты айтып коёюн: биз билгенибизди сүйлөп, көргөнүбүздү айтабыз, а бирок силер айткандарыбызды кабыл албайсыңар. 12Мен силерге жердегилерди айтсам ишенбейсиңер, анан көктөгүлөр жөнүндө айтсам кантип ишенесиңер. 13Көктөн келген Адам Уулунан башка эч ким көккө чыккан эмес. 14Муса чөлдө жасалма жыланды жогору көтөрүп койгондой, Адам Уулу да көтөрүлүп коюлууга тийиш. 15Ошондо Ага ишенүүчү ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.
16Кудай адамзатты ушунчалык катуу сүйгөндүктөн, Ага ишенүүчү ар ким өлбөстөн түбөлүк өмүргө ээ болсун деп, Өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка берди. 17Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө адамзатты жазалоо үчүн эмес, куткаруу үчүн жиберди. 18Ага ишенүүчүлөр жазага тартылбайт, ал эми ишенбегендерди жазалоо үчүн эбак эле өкүм чыгарылган, анткени алар Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей коюшту. 19Ал эми жазанын мааниси мындай: жерге Кудайдын жарыгы түштү, бирок кылган иштери жаман болгондуктан адамдар караңгылыкты артык көрүштү. 20Жамандык жасаган ар ким жарыкты жек көрүп, кылган иштери ашкереленбес үчүн да ага жолобойт. 21Ал эми ким акыйкат жолунда жүрсө, кылган иштеринин Кудайдан экендиги көрүнүп турсун деп, жарыкка келет.
Жакыянын Ыйсага жол берип, урматтоосу
22Ушундан кийин, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Ыйса жана Анын шакирттери Иудея аймагында дагы бир нече убакыт туруп калышты. 23Жакыя болсо Салим шаарынын жанындагы Айнон деген жерде суу көп болгондуктан чөмүлдүрүү расмисин ошол жакта аткарып жүрдү. Адамдар келип, чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты. 24Ал кезде Жакыя али абакка алына элек болчу.
25Бир күнү Жакыянын шакирттери менен бир иудейдин ортосунда диний тазалануу салтына байланыштуу талаш чыгып кетти. 26Алар Жакыяга келип:
– Устат, Иордандын чыгыш жагында сиз менен бирге болгон киши эсиңиздеби? Ал тууралуу өзүңүз күбөгө өтүп, айтып бербедиңиз беле? Ошол киши адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөт. Элдин баары ошого барып жатат, – дешти.
27Жакыя аларга мындай деп жооп берди:
– Кудай Өзү бербесе, эч ким эч нерсе ала албайт. 28«Мен Машаяк эмесмин, тек гана анын алдынан жиберилген кабарчысымын» дегениме өзүңөр күбөсүңөр. 29Колуктусу бар киши күйөө жигит эмеспи. Ал эми күтүп турган күйөө жолдош анын келе жатканын угуп, кубанат. Айтканыңарды угуп, менин да кубанычым койнума батпай турат. 30Силер кеп кылган адамдын зоболосу көтөрүлүп, меники төмөндөшү керек.
31Көктөн түшкөнү баарынан улуу, ал эми, мен сыяктуу, жерден пайда болгону жерге таандык болот да, жердеги нерселер жөнүндө сүйлөйт. Көктөн түшкөн ал – баарынан улуу! 32Ал өзүнүн көктөн уккан-көргөнүн айтат. Бирок анын айткан кабарын эч ким кабыл албайт. 33Ал эми анын сөзүнө кулак салган ар ким Кудайдын акыйкат экенин ырастайт. 34Кудайдын жибергени Анын кабарын жарыялайт. Кудай ага Ыйык Рухун ченемсиз берет. 35Асмандагы Атабыз Өзүнүн Уулун сүйүп, бардык бийликти анын колуна тапшырган. 36Кудай Уулуна ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ, ал эми аны укпагандар ошол өмүрдү көрбөй, Кудайдын каарына калышат.
ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:
Жакан 3: КЫРИ
హైలైట్
షేర్ చేయి
కాపీ
మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018