Жакан 19

19
Жоокерлердин Ыйсаны мазакташы
1Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды. 2Бир топ жоокер тикенектен таажы жасап, Ыйсанын башына кийгизишти да, кочкул кызыл чапанды желбегей жабышты.#19:2 Падышалар кийүүчү кочкул кызыл түстөгү чапан.
3Жашасын иудейлердин падышасы! – деп алдына тура калып, шылдыңдашып, Аны жаакка чапкылашты.
4Пилат кайрадан сыртка чыгып:
– Караңыздар, мен муну сиздердин алдыңыздарга алып келе жатам: мен мындан эч кандай күнөө таба албадым, ошону билип коюңуздар, – деди.
5Тикенек таажы менен кырмызы чапанчан Ыйса сыртка чыкты. Пилат элге:
– Ал киши мына! – деди.
6Жогорку динкызматчылар менен алардын сакчылары Ыйсаны көргөндө:
– Жыгачка кадап сал аны, жыгачка! – деп кыйкырышты.
Пилат аларга:
– Силер кадагыла! Мен андан эч кандай күнөө таппадым! – деди.
7Жогорку динкызматчылар ага:
– Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча бул өлүүгө тийиш. Себеби бул өзүн Кудай Уулумун деп, Кудайга акарат келтирип жүрөт, – дешти.
8Пилат муну укканда, мурункудан бетер коркуп кетти. 9Ал Ыйсаны кайрадан акимчиликтин ичине алып кирди да:
– Сен кайдан келдиң? – деп сурады.
Бирок Ыйса ага жооп берген жок.
10Мени менен сүйлөшкүң келбейби, ыя? Сени бошотуп жиберүү да, жыгачка кадап салуу да менин колумда экенин билбейсиңби? – деди.
11Көктөн берилбесе, Мага бийлигиңиз жүрбөс эле. Ошондуктан Мени кармап бергендин күнөөсү сиздикинен көбүрөөк, – деди.
12Ушул сөздөн кийин Пилат Ыйсаны бошотуунун айласын ойлоду, бирок иудей башчылары:
– Эгер бошотуп жиберсең, Рим падышасына дос эмессиң! Өзүн өзү падышамын деген ар ким падышага каршы, – деп кыйкырышты.
13Ушул сөздөн кийин Пилат Ыйсаны сыртка чыгартып, Ташаянттагы (бул аянттын эврейче аталышы – Габата) сот орундугуна отурду. 14Бул Куткарылуу майрамынан бир күн мурда, түшкө маал болгон эле. Пилат иудей башчыларына:
– Мына, падышаңыздар! – деди.
15Бирок алар:
– Алып кет аны! Алып кет! Кадап сал жыгачка! – деп чуулдашты.
Пилат аларга:
– Мен жыгачка падышаңыздарды кадайынбы? – деп суроо берди.
Жогорку динкызматчылар:
– Биздин Рим падышасынан башка эч кандай падышабыз жок, – деп жооп беришти.
16Акырында Пилат алардын айткандарына көнүп, Ыйсаны айкаш жыгачка кадоого буйрук берди.
Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы
Ыйсаны кармап алып кетишти. 17Ал Өз айкаш жыгачын Өзү көтөрүп, шаардан чыкты да, «Баш сөөк жайы» деген жерге карай бет алды. Бул жердин эврейче аталышы – Голгота.
18Жоокерлер жазалана турган дагы эки адамдын ортосуна Ыйсаны коюп, айкаш жыгачка кадашты да, өйдө көтөрүп коюшту. 19Пилат такта жасаттырып, айкаш жыгачтын өйдө жагына бекиттирди. Тактада «Бул – назареттик Ыйса, иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле.
20Муну көптөгөн адамдар окушту, себеби Ыйса жыгачка кагылган жер шаардан алыс эмес эле, анын үстүнө жазуу эврейче, латынча жана грекче болчу. 21Жогорку динкызматчылар Пилатка келип, мындай дешти:
– «Иудейлердин падышасы» эмес, «Мынабу иудейлердин падышасымын деди» деп жазыңыз.
22Пилат ага:
– Бүттү, мен жазарымды жазып койдум, – деп жооп берди.
23Жоокерлер Ыйсаны жыгачка кадагандан кийин, анын сырт кийимин төрткө бөлүп алышты. Көйнөгүн да алышты. Көйнөк башынан аягына чейин токулуп жасалган эле. 24Андыктан алар бири бирине:
– Муну айрыбастан чүчү кулак кармашып, кимге тиерин билелик, – дешти.
Ыйык Жазууда «кийимимди бөлүп, өз ара чүчү кулак кармап жатышат»#19:24 Забур 21:19. деп айтылган үчүн алар ушундай кылышкан эле.
25Ыйса керилген айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеоптун аялы – Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан. 26Ыйса энеси менен анын жанында турган, өзгөчө жакшы көргөн шакиртин көргөндө, энесине:
– Эми мынабу сиздин балаңыз болсун! – деди.
27Андан кийин шакиртине:
– Эми бул аял сенин энең болсун! – деди.
Ошол сааттан баштап шакирти Ыйсанын энесин өз үйүнө алды.
28Ыйса бардык тийиштүү нерселердин ордуна келгенин билип, Ыйык Жазуудагы сөздүн ырасталышы үчүн:
– Суусадым, – деди.
29Ал жерде начар шарап куюлган кумара турган эле. Ошондо бир соргучту андагы кычкыл ичимдикке малып, иссоп бутагына бекитишти да Ыйсанын оозуна такашты. 30Ыйса аны татып көрүп:
– Аткарылды! – деди да, башы шылк этип, жан берди.
31Бул окуя жума күнү болуп, эртеси дем алыш күн эле. Иудей башчылары айкаш жыгачка кадалгандардын сөөктөрү дем алыш күнү жыгачтарда илинген бойдон калышын каалашпады. Ошондуктан Пилатка барышып, алардын шыйрактарын сындыра чаап, сөөктөрүн жыгачтан түшүрүп, алып таштоосун суранышты.
32Ошентип жасоолдор келишти да, Ыйса менен бирге кадалган эки кишинин шыйрактарын сындыра чабышты. 33Ыйсага келишип, Анын өлүп калганын көргөн соң, шыйрагын сындырышпады. 34Бирок жасоолдордун бири Ыйсанын бооруна найзасын малып алды. Ошол замат кан менен суу чыкты.
35Муну өз көзү менен көргөн киши силерди да ишенсин деп ушуларды жазды. Анын сөздөрү чын. Ал чындыгын айтып жатканын билет. 36Ыйык Жазуудагы «Анын бир да сөөгү сынбайт!»#19:36 Забур 33:21. деген сөз орундалууга тийиш эле, ошол үчүн ушундай болду. 37Ыйык Жазуулардын дагы бир жеринде: «Алар өздөрү сайып салган кишини көрүшөт»#19:37 Закир 12:10. деп жазылган.
Ыйсанын көргө коюлушу
38Мындан кийин ариматиялык Жусуп деген киши Пилатка барды. Ал Ыйсанын шакирти болгону менен, мунусун иудей башчыларынан жашырып жүргөн болчу. Эми ал Пилаттан Ыйсанын сөөгүн көргө коюу үчүн алып кетүүгө уруксат берүүсүн суранды. Пилат макулдугун бергенде, Жусуп барып, сөөктү алып кетти. 39Мурда бир жолу Ыйсага түн ичинде келип кеткен Никадим да маркумга сүйкөй турган мүр чайыры менен алой майынын жүз кадактай аралашмасын алып, ушул жерге келди. 40Иудейлердин сөөк коюу салты боюнча алар маркумдун сөөгүн өздөрү алып келген жыттуу заттар менен шыбап, ак кепинге орошту. 41Ыйса кадалган тушта бир бак болор эле, анда али эч ким коюла элек, жаңы оюлган бир көр#19:41 Иудейлер өлгөн адамдын сөөгүн асканын бооруна оюлган үңкүр көрүстөндөргө коюшчу. бар болчу. 42Дем алыш күн жакындап, анын үстүнө көр да жакын жерде болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошонун ичине коюшту.

ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:

Жакан 19: КЫРИ

హైలైట్

షేర్ చేయి

కాపీ

None

మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి