Жакан 17

17
Ыйсанын шакирттери үчүн сыйынуусу
1Ыйса ушуну айтып бүткөндөн кийин, көккө карап туруп мындай деди:
– Оо, Ата, убакыт-саатым келип калды. Уулуң Сенин улуулугуңду көрсөтө алсын үчүн Аны улуулукка бөлөйгөр. 2Себеби Ага берген адамдарыңдын баарына түбөлүк өмүр берсин деп, бардык адамзаттын үстүнөн болгон бийликти Анын колуна өткөзүп бердиң. 3Түбөлүк өмүр бул – бирден бир чыныгы Кудай болгон Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машаякты таануу. 4Мага тапшырган ишиңди аяктап, жерде улуулугуңду көрсөттүм. 5Дүйнө жаратыла электе жаныңда жүрүп, улуулукка бөлөнгөм элем. Оо, Атаке, эми да, жаныңда болгонумда, ошол улуулугуңа кайрадан бөлөйгөр.
6Бул дүйнөдөн тандап берген адамдарыңа Мен Өзүңдү тааныттым. Алар Сага таандык эле, Мага бердиң. Алар Сенин сөзүңдү көкүрөктөрүнө түйүп алышты. 7Мага тапшырганыңдын баары тең Сенден чыкканына эми алардын көздөрү жетти. 8Себеби Мен Сенин сөзүңдү жеткиздим эле, алар кабыл алышты. Сенден келгенимди чындап түшүнүп, Мени Өзүң жибергениңе ишеништи.
9Бул дүйнө үчүн эмес, Өзүң Мага табыштаган адамдар үчүн өтүнүп жатам. Себеби алар Сага таандык. 10Мендегинин баары Сеники, Сендегинин баары Меники эмеспи. Ошол себептүү алар аркылуу Мен улуулукка бөлөндүм. 11Мындан ары Мен жерде калбай, Сага бара жатам, бирок алар жерде калышат. Оо, ыйык Ата! Өзүң Мага берген ысмың аларга калканыч болсун! Биз сыяктуу алар да бир болушсун. 12Араларында жүргөнүмдө, Мага берген ысмыңдын кудурети менен аларды коргоп, аман сактап жүрдүм. Шору куруй турган бир адамдан башка бирин жоготкон жокмун. Ыйык Жазууда айтылган ошол адамдын кылчу иши ушундайча ордунан чыкмак. 13Эми болсо Өзүңө бара жатам. Бирок Менин кубанычым толугу менен аларда болсун деп, бул сөздөрүмдү азырынча, жерде экенимде айтып турам. 14Аларга Сенин сөзүңдү жеткиздим.
Мага окшоп, алар да бул дүйнөгө караштуу эмес, ошондуктан дүйнө аларды жек көрүп калды. 15Аларды бул дүйнөдөн алып чык деген жерим жок, азгыруучудан сактай көр деп гана сурап турам. 16Булар да Мен сыяктуу бул дүйнөгө караштуу эмес. 17Аларды акыйкатың менен Өзүңө багыштап, ыйык кыл. Сенин сөздөрүң – акыйкат. 18Сен бул дүйнөгө Мени жөнөткөндөй, Мен да аларды бул дүйнөгө жөнөттүм. 19Сага өздөрүн чындап багыштасын деп, алар үчүн Сага Мен Өзүмдү багыштайм.
Ыйсанын келечектеги шакирттери үчүн сыйынуусу
20Менин жанымдагы шакирттерим үчүн гана эмес, алардын айткандары аркылуу Мага ишенип кала турган бардык адамдар үчүн да өтүнүп турам. 21Оо, Атаке! Мени Сен жибергениңе адамзаттын ишенүүсү үчүн, Сенин Мени менен, ал эми Менин Сени менен тыгыз байланышта турганыбыздай ишенүүчүлөр да экөөбүз менен тыгыз байланышта туруп, баары тең бир болушса экен. 22Алар да биз сыяктуу бир болсун деп, Мага берген улуулугуңду аларга бердим. 23Мен булар менен, Сен болсо Мени менен тыгыз байланыштасың. Мени Сен жибергендигиңе, Мени кандай жакшы көрсөң, аларды да ошондой жакшы көрөрүңө адамзаттын көзү жетсин үчүн Мага ишенүүчүлөр ушундай толук биримдикке жетишсин. 24Атаке, Мага тапшырган адамдарыңдын Мен болчу жерде болушун каалайм. Сени жакшы көргөндүгүмдөн аалам жарала электе эле Мага улуулукту тартуулаган элең. Ошол улуулукту алар да көрүшсө экен. 25Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү Сени таанышпайт, бирок Мен тааныйм. Мени Сен жибергениңе шакирттеримдин да көздөрү жетти. 26Мен аларга ким экениңди ачып берип, мындан ары да ача бермекчимин. Ылайым Мага деген мээримиң алардын ичинде болсун, Мен да алардын жүрөгүнөн орун алайын.

ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:

Жакан 17: КЫРИ

హైలైట్

షేర్ చేయి

కాపీ

None

మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి