Жакан 14
14
Ыйса Машаяк – Кудайга алып баруучу жалгыз жол
1Кайгыга батпагыла! Кудайга ишенгиле, ошондой эле Мага да ишенгиле! 2Көктөгү Атамдын үйүндө жай көп. Эгер андай болбосо, силер үчүн жай даярдаганы бара жатам деп айтмак белем? 3Барып, даярдап бүткөндөн кийин кайтып келип, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн жаныма алып кетем. 4Мен бара жаткан жакка алып баруучу жолду билесиңер.
5Эгем, кайда бара жатканыңды билбейбиз, анан кантип ал жакка алып баруучу жолду билмек элек? – деп сурады Том.
6Ыйса ага:
– Мен – жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, асмандагы Атабызга эч ким бара албайт. 7Менин ким экенимди билген үчүн, Атамды да билип каласыңар. Эми Аны билип, көрө баштадыңар, – деди.
8Ошондо Филип:
– Оо, Эгем, бизге Атабызды көрсөт, ошондо жетиштүү болот, – деди.
9Ыйса мындай деп жооп берди:
– Мен көптөн бери жаныңардамын, ошондо да Менин ким экенимди билген жоксуңбу, Филип? Мени көргөн адам, Атабызды да көргөнү. Эмне үчүн Атабызды көрсөт дейсиң? 10Мен Атабыз менен, ал эми Атабыз Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенбейсиңерби? Силерге айткан сөздөрүмдү Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Мени менен тыгыз байланыштагы Атабыз Мен аркылуу Өз ишин иштеп жатат. 11Менин Атабыз менен, ал эми Атабыздын Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенгиле! Буга ишене албасаңар, кылган кереметтеримден улам Мага ишенгиле. 12Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Мен кылгандай кереметтүү иштерди Мага ишенген адам да кылат, ал тургай андан да зор кереметтүү иштерди кыла алат, себеби Мен Атабызга барып, Ыйык Рухту жиберем. 13Атабыздан Менин атыман эмне сурасаңар да, аткарып берем. Ошондо Атабыздын улуулугу Уулу аркылуу көрүнөт. 14Менин атымдан эмне сурасаңар да Мен аткарып берем.
Ыйык Рухтун келери тууралуу убада
15Силер Мени жакшы көрсөңөр, буйруктарымды аткаргыла. 16Мен Атабыздан силерге дагы Бирөөнү жиберүүсүн өтүнөм. Ал силерди колдоп, түбөлүк бирге болот. 17Ал – акыйкаттын Руху. Бул дүйнөдөгүлөр Аны кабыл ала албайт, себеби Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени азыр Ал жан дүйнөңөрдө жашайт жана кийин да жашай берет.
18Мен силерди жетимсиретпей кайра келем. 19Бир аз убакыттан кийин бул дүйнөдөгүлөр Мени андан ары көрбөй калышат, ал эми силер көрөсүңөр, анткени Мен кайра тирилем, силер да түбөлүк өмүргө ээ болосуңар. 20Ошол күнү силер Мен Атам менен, өзүңөр Мени менен, Мен болсо силер менен тыгыз байланышта экенимди билип каласыңар. 21Буйруктарымды көңүлүнө сактап, аткарып жүргөндөр – Мени сүйгөндөр. Мени сүйгөндөрдү Атам сүйөт. Мен да аларды сүйүп, Өзүмдү аларга ачып берем.
22Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан:
– Эгем, сен өзүңдү кандайча бүт дүйнөгө эмес, бизге гана ачмакчысың? – деп сурады.
23Ыйса мындайча жооп берди:
– Ким Мени сүйсө, айткандарымды бек тутат. Атам да аны сүйөт жана Биз ага келип, аны менен бирге жашайбыз. 24Мени сүйбөгөндөр Менин сөзүмдү тутунушпайт. Силер угуп жүргөн сөздөрдү Өз оюмдан чыгарып айтканым жок. Алар Мени жиберген Атабыздын сөздөрү.
25Мен бул сөздөрдү азыр араңарда жүргөн кезде айтып жатам. 26Ал эми Атабыз Менин атымдан колдоочуңар – Ыйык Рухту жиберет. Ал Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салып, баарын үйрөтөт. 27Мен силердин жаныңарга тынчтык берип кетем. Өз жанымдын тынчтыгын берип кетем. Менин бере турганым адамдар берип, жок болчу тынчтык эмес, ошондуктан жүрөкзаада болуп, корко бербегиле. 28Силерге: «Мен кетип атам, бирок силерге кайтып келем» дебедим беле. Эгер Мени чын жүрөктөн жакшы көрсөңөр, Атабызга баратканыма кубанат элеңер, анткени Атабыз Менден улуу. 29Ушулардын баары ишке ашкан кезде, силер Менин айткандарыма ишенип калууңар үчүн, буларды азыр, алдын ала айтып жатам. 30Эми Мен силер менен көпкө сүйлөшө албайм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Ал Менин үстүмөн бийлик жүргүзө албайт. 31Бирок адамзат Мен Атабызды жакшы көрөрүмдү билүүгө тийиш. Ошол себептүү эмне кылсам да, Ал айткандай кылам. Эми тургула, бул жерден кетели.
ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:
Жакан 14: КЫРИ
హైలైట్
షేర్ చేయి
కాపీ
మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018