Жакан 11

11
Лазардын оорудан кайтыш болушу
1Лазар деген бейтанилик бир киши ооруп жатты. Мариям да эжеси менен ошол айылда турчу. 2(Кийинчерээк Эгебиздин бутуна жыттуу май сүйкөп, чачы менен кургаткан так ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар болсо анын бир тууган агасы эле.) 3«Эгебиз, жакшы көргөн кишиңиз ооруп жатат», – деп, эже-сиңди Ыйсага кабар жиберишти. 4Ыйса муну укканда:
– Бул оору өлүм менен бүтпөйт, тескерисинче, Кудайдын улуулугун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул иш аркылуу Кудай Уулунун кудуреттүү улуулугу көрүнөт, – деди.
5Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана алардын бир тууганы Лазарды өтө жакшы көрсө да, 6Лазардын оору экендиги тууралуу кабар жеткенде, ошол жерде дагы эки күн болду. 7Андан соң, шакирттерине мындай деди:
– Жүргүлө, Иудеяга кайра баралы!
8Устат, иудей башчылары жакында эле сени ташбараңга алып, өлтүрмөкчү болушпады беле? – дешти шакирттери Ага, – Эмне, ошол жакка дагы бармакчысыңбы?
9Бир күндүн он эки сааты жарык эмеспи? – деди жооп кайтара Ыйса. – Адам күндүз жүрсө, мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрөт. 10Ал эми түн ичинде жүрсө, жарыгы жок болгондуктан мүдүрүлөт.
Ыйса андан ары дагы мындай деди:
11Досубуз Лазар катуу уйкуда жатат. Мен барып аны ойготоюн.
12Шакирттери:
– Мырза, уктап жатса жакшы, анда айыгат, – дешти.
13Ыйса Лазардын өлгөнүн кыйыр түрдө айткан эле, а шакирттери болсо кадимки уйкуну айтып жатат деп ойлошту. 14Ошондо Ал ачык айтты:
– Лазар өлдү, 15бирок силерди ойлоп, ал жакта болбогонума кубанып жатам, анткени бул аркылуу силер ишенимге келе аласыңар. Эми жүргүлө, Лазарга баралы.
16Ошондо Том-Эгиз башка шакирттерге:
– Кеттик, биз да Устат менен бирге өлөлү! – деди.
Лазардын кайра тирилиши
17Ыйса Бейтаниге жеткенде, Лазардын өлүп, көргө коюлганына төрт күн болгонун укту. 18Бейтани менен Иерусалимдин аралыгы үч эле чакырымдай болгондуктан, 19көптөгөн адамдар Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен экен. 20Ыйсанын келе жатканын уккан Марта алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо, үйдө калды. 21Марта:
– Эгем, эгер сиз бул жерде болсоңуз, иним өлмөк эмес эле да. 22Бирок эмне сурасаңыз, Кудайдын азыр болсо деле сизге берерин билем, – деди.
23Ыйса ага:
– Иниң кайра тирилет, – деди.
24Кыяматта, кайра тирилүү күнү анын да тирилерин билем – жооп кайтарды Марта.
25Кайра тирилүү менен чыныгы өмүр – Менмин, – деди Ыйса. – Мага ишенген адам өлсө да, өмүр сүрө турган болот. 26Мага ишенип өмүр сүргөн адам эч качан өлбөйт. Буга ишенесиңби?
27Марта:
– Ооба, Эгем, сиздин дүйнөгө келе турган Кудай Уулу жана Машаяк экениңизге ишенем – деди.
28Анан ал Мариямды тымызын чакырып алды да:
– Устат келип калды, сени чакырып атат, – деди.
29Муну угары менен Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү. 30Бирок Ыйса дале айылга кирбептир, ал баягы Мартага жолуккан жерде экен. 31Мариямдын жанында көңүл айтып олтурушкандар анын шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, артынан кошо чыгышып, «көрүстөнгө барып кошок кошкону кетти го» деп ойлоп калышты. 32Мариям Ыйса турган жерге келди да Анын бутуна жыгылды.
– Оо, Эгем, – деди ал, – Сиз бул жерде болсоңуз, бир тууганым өлбөйт эле.
33Ыйса Мариям менен анын артынан келгендердин кошок кошуп, ыйлап турганын көргөндө, катуу үшкүрүнүп, каңырыгы түтөп кетти.
34Аны каерге койдуңар? – деди Ыйса.
– Эгебиз, келип көрүңүз, – деп жооп беришти алар.
35Ыйсанын көзүнөн жаш агып кетти. 36Ошондо адамдар өз ара:
– Карасаңар, Лазарды кандай ал жакшы көргөн! – дей башташты.
37Сокурдун көзүн ачкан бул тигини да ажалдан арачалап кала албас беле? – дегендери да болду. 38Ыйса дагы бир үшкүрүнүп алып, көрүстөнгө басып келди. Көр болсо оозу таш менен жабылган үңкүр эле. 39Ыйса:
– Ташты алып салгыла! – деп буюрду.
Ошондо маркумдун эжеси Марта:
– Эгем, ал жыттанып баратат, жатканына төрт күн болуп калды, – деди.
40«Ишенсең, Кудайдын кудуретин көрөсүң» дебедим беле, – деди Ыйса ага.
41Ташты үңкүрдүн оозунан алып салышканда, Ыйса көктү карап мындай деди:
– Ата, үнүмдү укканыңа ыраазымын! 42Мени дайыма угарыңды билсем да, муну айланамда турган эл Мени Сенин жибергениңе ишенсин деп айтып жатам, – деп сыйынды.
43Анан:
– Лазар, чыккын! – деп кыйкырды.
44Ошондо колу-буту кепинге оролгон Лазар көрдөн чыга келди. Анын башы-көзү да таңылуу эле. Ыйса жанында тургандарга:
– Кепинин чечип салгыла, бассын, – деди.
45Мариямга келишкендердин көбү Ыйсанын керемет ишин көрүп, Ага ишенип калышты.
Ыйсага каршы бүтүм
46Бирөөлөр фарисейлерге барып, Ыйсанын кылганын айтып беришти. 47Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер диний жогорку кеңештин мажилисин чакырышып, өз ара мындай деп сүйлөшүштү:
– Кандай кылсак, жанагы киши көптөгөн укмуштарды жасап атат. 48Аны ушул бойдон калтыра турган болсок, элдин баары ага ишенип кетет. Анан римдиктер келип, касиеттүү үйүбүздү да, элибизди да чаап алышат.
49Ошол мезгилде башкы динкызматчы болгон Каяп ордунан туруп, мындай деди:
– Силер эч нерсени билбейсиңер! 50Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү бизге дурус болорун ойлосоңор боло!
51Каяп муну өз оюнан чыгарып айткан жок, бирок ошол мезгилде башкы динкызматчы болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айткан болчу. 52Ооба, Ыйса Ысрайыл эли үчүн гана эмес, жер жүзүнө таралган башка элдердеги Кудайдын балдарын бир үй-бүлө кылуу үчүн да өлүүгө тийиш болчу. 53Ошол күндөн баштап иудей башчылары Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун ойлонуштура башташты.
54Ошондуктан Ыйса мындан ары Иудеяда ачык жүрбөй, чөлгө жакын жердеги Эфрайым деген айылга кетип, ал жерде шакирттери менен бирге болду.
55Куткарылуу майрамы жакындап калган эле. Өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдындагы диний тазалануу салтын аткаруу үчүн Иерусалимди көздөй агылып, чыгып бара жатышты. 56Алар ийбадаткананын жанынан Ыйсаны издешти. Короодо топтолуп тургандар: «Кандай деп ойлойсуңар, ал да майрамга келер бекен?» – деп бири биринен сурашты. 57Себеби жогорку динкызматчылар менен фарисейлер: «Кимде-ким Ыйсанын кайда экенин билип калса, кабар берсин!» деген буйрук чыгарышкан эле.

ప్రస్తుతం ఎంపిక చేయబడింది:

Жакан 11: КЫРИ

హైలైట్

షేర్ చేయి

కాపీ

None

మీ పరికరాలన్నింటి వ్యాప్తంగా మీ హైలైట్స్ సేవ్ చేయబడాలనుకుంటున్నారా? సైన్ అప్ చేయండి లేదా సైన్ ఇన్ చేయండి