YouVersion Logo
Search Icon

Матай 5

5
Ыйсанын тоодогу таалими
1Ыйса чогулган элди көрүп, тоого чыкты. Жайгашып олтурган соң, шакирттери жанына барышты. 2Ошондо Ал сөзүн баштап, аларга мындай таалим берди:
3Момундар бактылуу!
Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку!
4Кайгыргандар бактылуу!
Анткени Кудай аларды сооротот!
5Алсыздар бактылуу!
Анткени жер алардын энчисине тиет!
6Адилдикке чаңкагандар бактылуу!
Анткени Кудай алардын суусунун кандырат!
7Кайрымдуулар бактылуу!
Анткени Кудай аларга кайрым кылат.
8Дили тазалар бактылуу!
Анткени алар Кудайды көрүшөт!
9Ынтымакка чакыргандар бактылуу!
Анткени Кудай аларды «балдарым» деп чакырат!
10Адилеттик үчүн куугунтук жегендер бактылуу!
Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку!
11Менин шакирттерим болгонуңар үчүн сөгүп, куугунтукка алып, силер тууралуу жалган сөздөрдү айтышса бактылуусуңар! 12Кубангыла! Шаттангыла! Анткени силерди асманда чоң сыйлык күтүп турат! Силерден мурда да пайгамбарларды ошондой куугунтукка алышкан.
13Силер – жердин тузусуңар! Эгер туз даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Ал эч нерсеге жарабай калат. Сыртка алып чыгып, тепсендиге ыргытып гана жибериш керек.
14Силер бул дүйнөдөгүлөр үчүн жарыксыңар. Тоо башында турган шаарды эч ким жашыра албайт. 15Шамды жаккан соң, аны идиштин астына эмес, шамдалга коюшат да ал үйдө отургандардын баарына жарыгын чачат. 16Анын сыңары, силер да адамдарга жарыгыңарды чачкыла! Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташсын!
Тоорат мыйзамынын аткарылышы
17Мени Тоорат мыйзамын же пайгамбарлар жазмаларын жокко чыгарганы келди деп ойлобогула. Мен аларды жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим. 18Силерге бир чындыкты айтып коёюн: асман-жердин жашоосу бүтмөйүн, Тоорат мыйзамындагы бардык нерселер аткарылмайын, Тоорат мыйзамынын тамгасы тургай, тамгасынын эң кичинекей сызыкчасы да жок болуп кетпейт. 19Ошондуктан кимде-ким Кудайдын ушул эң кичине осуяттарынын бирин жокко чыгарса жана адамдарды ошондой окутса, ал Асман Падышачылыгында эң кичине болот. Ал эми осуяттарды аткарып, башкаларды да ошого үйрөткөн адам Асман Падышачылыгында улуу болот. 20Силерге айтып коёюн, эгерде фарисейлер менен дин мугалимдеринин адилдигинен силердики ашып түшпөсө, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.
Ачууну кармай билүү тууралуу
21Байыркыларга «киши өлтүрбөгүлө»#5:21 Чыгуу 20:13; Мыйз. 5:17. жана «ким киши өлтүрсө, сот алдында айыпталат» деп айтылган сөздү силер уккансыңар. 22Мен болсо силерге айтам: кимде-ким боордошуна ачууланса, ал сот алдында айыпталат. Ким боордошуна: «Сен көңдөйсүң!» десе, ал жогорку сотко тартылат. Ким: «Сен наадансың!» десе, ал тозок отуна татыктуу.
23Ошондуктан Кудайга курмандык жайга тартуу алып келип, анан ошол жерден боордошуңдун сага бир нерседен нааразы болуп калганын эстесең, 24анда тартууңду курмандык жайдын жанына калтыр да, барып, алгач боордошуң менен элдеш. Анан кайра келип, тартууңду Кудайга бер. 25Доочуң менен тез жараш, жолдо сотко баратканда эле көңүлүн тап, антпесең ал сени соттун колуна тапшырат. Сот болсо сакчыларга өткөрүп берип, зынданга каматат. 26Сага бир чындыкты айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.
Никени таза күтүү тууралуу
27Силер «Ойноштук кылба»#5:27 Чыгуу 20:14; Мыйз. 5:18. деп айтылган сөздү уккансыңар. 28А Мен силерге айтам: кимде-ким башка бирөөнүн аялын арам ой менен карап койсо, ал оюнда аны менен ойноштук кылып койду. 29Эгерде сени оң көзүң күнөөгө түртүп атса, аны оюп сал да ыргытып жибер, анткени бүт денең менен тозокко ыргытылгандан көрө, бир мүчөңдөн айрылганың артык эмеспи. 30Эгерде оң колуң күнөөгө түртүп атса, кыя чап да өзүңдөн алыс ыргыт, анткени бүт денең тозокко түшкөндөн көрө, бир мүчөңдөн ажыраганың жакшы.
31Мурда: «Кимде ким аялын коё берсе, ага ажырашуу катын жазып берсин!»#5:31 Мыйз. 24:1. деп айтылган. 32А Мен силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берген адам аялын ойноштукка#5:32 Леб. 18:6 – 23. түртөт. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.
Ант тууралуу
33Ошондой эле силер байыркыларга карата айтылган мындай деген да сөздү уккансыңар: «Ант-убадаңды бузба! Жараткан Эгеңдин алдында берген анттарыңды аткар!»#5:33 Леб. 19:12; Санак 30:3; Мыйз. 23:21. 34А Мен силерге айтам: эч кандай ант берип, карганбагыла! «Мына, асман турат!» дебегиле, анткени асман Кудайдын тактысы. 35«Жер урсун!» дебегиле, анткени жер Кудайдын бут койгучу. Иерусалимди оозанып карганбагыла, анткени Иерусалим улуу Падыша – Кудайдын шаары. 36Башыңарды сайып да ант бербегиле, анткени андагы бир тал чачты ак же кара кылууга да кудуретиңер жетпейт. 37Бирок жообуңар түз болсун: же ооба, же жок дегиле, а мындан ашыгы – азгыруучудан.
Таш менен урганды аш менен ур
38Силер: «Көзгө көз, тишке тиш!»#5:38 Чыгуу 21:24; Леб. 24:20; Мыйз. 19:21. деп айтылганын да уккансыңар. 39А Мен силерге айтам: силерге жамандык кылгысы келгендерге каршы чыкпагыла, оң жаагыңарга чапканга сол жаагыңарды тоскула.
40Соттошкусу келип, көйнөгүңөрдү талашкандарга, чапаныңарды да чечип бергиле. 41Силерди өзү менен бир чакырым басып барууга мажбурлагандар менен эки чакырым баргыла. 42Силерден карыз алгысы келгендерге аркаңарды салбагыла.
Душмандарды сүйүү тууралуу таалим
43Силер: «Боордошуңду сүй, бирок душманыңды жек көр!»#5:43 Леб. 19:18. деп айтылган сөздү уккансыңар. 44А Мен силерге айтам: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. 45Ошондо асмандагы Атаңардын уул-кыздары болосуңар. Анткени Анын күнү жамандарга да, жакшыларга да бирдей чыгып, жамгыры адилдерге да, адил эместерге да бирдей төгүлөт. 46Өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кандай сыйлык берилмек эле? Салыкчылар деле ошондой кылышат эмеспи. 47Боордошторуңарга гана сый көрсөтсөңөр, эмне өзгөчө иш кылган болосуңар? Бутпарастар деле ушундай кылышат эмеспи? 48Силер дагы асмандагы жеткилең Атаңардай жеткилең болгула.

Currently Selected:

Матай 5: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy