Лука 19

19
Закайдын Кудай жолуна түшүшү
1Ыйса Иерихон шаарын аралап өтүп баратты. 2Ошол жерде Закай аттуу киши бар эле. Ал салыкчылардын чоңу болуп, абдан бай болчу. 3Ал Ыйсаны көрүүгө, ким экенин билүүгө куштар эле. Бирок боюнун кыскалыгынан, анын үстүнө элдин көптүгүнөн улам көрө албады. 4Ыйсаны көрүү үчүн алдыга жүгүрүп барып, бир тыт дарагына чыкты, себеби Ыйса ошол жол менен өтүшү керек эле. 5Ыйса ошол тушка келгенде, жогору жакты карап:
– Закай, тезирээк ылдый түш! Мен бүгүн сенин үйүңө конушум керек, – деди.
6Закай дароо төмөн түшүп, Ыйсаны кубаныч менен тосуп алып, конок кылды. 7Муну көргөндөрдүн баары нааразы болушуп, өз ара күңкүлдөштү:
– Ал күнөөкөрдүн үйүнө конокко барган эмнеси?!
8Закай болсо ордунан туруп:
– Таксыр, мүлкүмдүн теңин кедей-кембагалдарга берем. Эгер бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, аны төрт эселеп кайтарып берем, – деди.
9Ошондо Ыйса:
– Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди! Анткени бул киши да Ыбрайым атанын чыныгы урпагынан экен. 10Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди, – деди.
Он дилде жөнүндө ибарат
11Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, Аны угуп турган калайык Кудай Падышачылыгы келет деп ойлошчу. 12Ыйса аларга мындай ибарат айтты:
– Бир ак сөөк адам хандыкка шайланып келиш үчүн алыс өлкөгө жөнөйт. 13Кетерде өзүнүн он кулун чакырып алып, ар бирине бирден алтын дилде#19:13 Грекче мина – 100 күндүк эмгек акыга тете акча бирдиги болгон. берип: «Мен кайтып келгиче, бул акчаны иштетип тургула!» – дейт. 14Бирок эли аны жек көрчү экен. Ошондуктан анын аркасынан элчи жөнөтүшүп: «Анын бизге хан болушун каалабайбыз», – деп айттырышат. 15Бир күнү ошол киши хан шайланып, кайра кайтып келет. Берген акчаларынан кимиси кандай пайда өндүргөнүн билиш үчүн кулдарын жанына чакыртат. 16Биринчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан он дилде пайда түшүрдүм», – дейт. 17Хан ага: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум! Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми он шаардын акими бол», – дейт. 18Экинчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан беш дилде пайда түшүрдүм», – дейт. 19Хан ага: «Сен да беш шаарга аким бол», – дейт. 20Үчүнчү кул келип: «Таксыр, мына дилдеңиз, мен аны түйүнчөккө түйүп сактадым. 21Мен сизден корктум, анткени сиз койбогон жерден алган, экпеген жерден оргон катаал адамсыз», – дейт. 22Хан ага: «Эй, ыймансыз кул, сени өз оозуңдан чыккан сөзүң менен жазалайм! Менин койбогон жерден алып, экпеген жерден оргон катаал адам экенимди билчү белең? 23Анда эмне үчүн дилдемди акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде, кирешеси менен албайт белем», – дейт. 24Андан соң, жанындагыларга айтат: «Мындан дилдени алып, он дилдеси барга бергиле!» 25«Таксыр, анын он дилдеси бар го», – дешти алар. 26Анда хан: «Силерге айтып коёюн: кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат. 27Мени өздөрүнө хан кылууну каалабаган душмандарымды ушул жерге алып келип, менин көзүмчө башын алгыла!» – дейт.
Ыйсанын Иерусалимге кириши
28Ыйса сөзүн бүтүп, Иерусалим тарапка жолун улантты.
29Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге менен Бейтани айылдарына жакындаганда, Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып, аларга мындай деди:
30Мынабу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле. 31Эгер бирөө: «Муну эмне чечип жатасыңар?» десе, «Эгебизге керек болуп жатат», – деп жооп бергиле.
32Шакирттер барып, Ыйсанын айтканын табышты. 33Алар такайды чечип жатканда, анын ээлери: «Эшекти эмне чечип жатасыңар?» – дешти. 34Шакирттер: «Эгебизге керек болуп жатат», – деп жооп беришти. 35Алар такайды Ыйсага жетелеп келишти да, чапандарын чечип, ага жаап, Ыйсаны мингизишти. 36Ыйса аны минип баратканда, урмат-сый көрсөтүшүп, жолуна чапандарын төшөштү. 37Зайтун тоосунан төмөн түшө турган жолго жеткенде, шакирттеринин баары мурда жасаган кудуреттүү кереметтер үчүн Кудайды кубана даңктай башташты:
38Эгебиздин атынан келаткан Падышаны Кудай жалгасын!#19:38 Забур 117:26. Көктө бейкуттук болсун, Кудайга урмат болсун!
39Ошондо эл арасындагы кээ бир фарисейлер Ыйсага:
– Устат, шакирттериңди тыйгын! – дешти.
40Бирок Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Силерге айтып коёюн: эгер алар унчукпай калышса, анда таштар кыйкырып жиберишет.
Ай, Иерусалим, Иерусалим
41Ыйса шаарга жакындап калганда, аны карап туруп, ыйлап жиберди да мындай деди:
42Ушул күнү тынчтык үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, сен билсеңчи. Бирок ал азыр сенин көзүңдөн жашыруун. 43Башыңа каран күн түшүп, касташкандарың айланаңды казып, туш тарабыңдан кысымга алышат. 44Таш-талканыңды чыгарып, койнуңдагы балдарыңды кырышат. Кудайдын сага келген саатын билбей калганың үчүн сени жер менен жексен кылышат.
Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу
45Ошондон кийин Ыйса Иерусалимдеги ийбадаткананын короосуна кирип, андагы соодагерлерди кууп чыга баштады. 46Аларга:
– Ыйык Жазууда «Менин үйүм сыйына турган үй болсун»#19:46 Ышая 56:7. деп жазылган. А силер аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жибериптирсиңер!#19:46 Жер. 7:11. – деди.
47Ыйса ар күнү ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдү. Ал эми эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери Анын көзүн тазалоо амалын издей башташты, 48бирок бул максаттарын ишке ашыра турган жолду таба алышпады. Себеби жамы журт Ыйсанын маңдайынан кетпей, сөзүн угушар эле.

دیاریکراوەکانی ئێستا:

Лука 19: КЫРИ

بەرچاوکردن

هاوبەشی بکە

لەبەرگرتنەوە

None

دەتەوێت هایلایتەکانت بپارێزرێت لەناو ئامێرەکانتدا> ? داخڵ ببە