YouVersion Logo
Search Icon

Марк 15

15
Ыйса Пилаттын алдында
1Таңазанда жогорку динкызматчылар шашылыш түрдө эл башчылары, дин мугалимдери жана жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү менен жолугуп, чечим чыгарышты да, Ыйсаны байлап алып барып Пилаттын колуна тапшырышты.
2Пилат Ыйсадан:
– Иудейлердин падышасы сенсиңби? – деп сурады.
Ыйса:
– Өзүңүз айтып турасыз, – деди.
3Жогорку динкызматчылар Ыйсага көп айыптарды тагышты. 4Ошондуктан Пилат Ага кайрадан:
– Жооп бергиң келбейби? Карачы, сага канча көп айыптар айтылууда! – деди.
5Бирок Ыйса буга да эч жооп кайтарган жок, ошондуктан Пилат таң калды.
Ыйсаны өлүмгө кыюу
6Куткарылуу майрамына карата дайыма Пилат алар сураган бир кылмышкерди бошотуп берчү. 7Ошол кезде көтөрүлүш убагында өзүнүн шериктери менен киши өлтүргөн Барабба деген бир киши түрмөдө олтурган. 8Эл Пилаттан адатта алар үчүн жасаган ишин талап кылып, чуулдай башташты. 9Пилат аларга:
– Силерге «иудейлердин падышасын» бошотуп беришимди каалайсыңарбы? – деди.
10Пилат Ыйсаны жогорку динкызматчылар көрө албастыктан кармап бергенин абдан жакшы билип туруп ушундай деди.
11Жогорку динкызматчылар болсо элди Бараббаны бошотуп берүүнү суроого козутушту. 12Пилат элге дагы бир кайрылып:
– Анда силер «иудейлердин падышасы» деп атаган кишини эмне кылышымды каалайсыңар? – деди.
13Алар:
– Айкаш жыгачка када! – деп кыйкырышты.
14Пилат аларга:
– Ал эмне жамандык кылды? – деди.
Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп:
– Аны айкаш жыгачка кадап сал! – деп бакырышты.
15Пилат болсо элге жагыныш үчүн аларга Бараббаны бошотуп берди, Ыйсаны болсо сабатты да, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.
Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы
16Жоокерлер Ыйсаны акимчиликтин короосуна алып киришти да, бүт полкту чогултушту. 17Анан Ыйсага кочкул кызыл чапан жабышып, тикенектен таажы жасап башына кийгизишти да: 18«Жашасын иудейлердин падышасы!» – деп салам бере башташты. 19Шылдыңдап камыш менен башка чабышып, түкүрүшүп, чөгөлөй калып, жүгүнүп жатышты. 20Мазактап бүтүшкөндө, үстүндөгү кочкул кызыл чапанды сыйрып алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү.
21Жолдо айылдан келе жаткан Искендер менен Руптун атасы – киринеялык Ысманды жолуктурушуп, аны Ыйсанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбур кылышты. 22Ошентип Ыйсаны Голгота (мунун мааниси: «Баш сөөк жайы») деген жерге алып келишти. 23Ал жерден Ага дененин кыйналганын басуучу мүр чайыры кошулган шарап беришти. Бирок Ыйса аны ичкен жок. 24Айкаш жыгачка кадагандар кимисине эмнеси тиер экен деп чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүп жатышты.
25Ыйсаны айкаш жыгачка кадашканда, саат эртең мененки тогуздарга жакындап калган болчу. 26Анын айыбын көрсөтүп турган тактада «Бул – иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле. 27Аны менен кошо дагы эки каракчыны бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты.#15:27 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 29Өтүп бараткандар Ыйсаны кордоп, баштарын ийкегилешип:
– Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө кайра тургузуучу! 30Айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы? – дешти.
31Ошондой эле жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери да Ыйсаны мазакташып, бири бирине:
– Башкаларды куткарыптыр, өзүн болсо куткара албай турат! 32Машаяк, Ысрайылдын падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшсүнчү, кана, көзүбүз менен көрөлү да, биз ага ишенип калалы, – дешти.
Ыйса менен кошо кадалгандар да Аны кордоп жатышты.
Ыйсанын өлүмү
33Түшкү саат он экилерде бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. 34Саат үчтө Ыйса:
– Элои, элои! Лама, сабахтани?#15:34 Забур 21:2. – деп катуу үн менен боздоп жиберди.
Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым Эмне үчүн Мени таштап кеттиң?»
35Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп:
– Карасаңар, Илиясты чакырып жатат, – дешти.
36Бирөөсү жүгүрүп барып, соргучту сирке сууга малды да, таяктын учуна сайып алып, Ыйсанын оозуна такады. Ал эми башкалары:
– Токточу, көрөлү, Илияс келип, аны айкаш жыгачтан чыгарар бекен! – дешти.
37Ыйса болсо катуу кыйкырды да, жан берди. 38Ийбадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды. 39Айкаш жыгачтын маңдайында турган римдик жүз башы Ыйсанын ушундай өлүмүн көргөндө:
– Бул адам чын эле Кудайдын Уулу экен, – деди.
40Ошол жерде алыстан карап турган аялдар да бар эле. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичүү Жакып менен Жосенин энеси Мариям жана Саломия да турган. 41Булар Ыйсага кызмат кылып, Аны Галилеядан бери ээрчип келишкен болчу. Булардан башка да Ыйса менен бирге Иерусалимге келген көптөгөн аялдар турду.
Ыйсанын көргө коюлушу
42-43Ариматиялык Жусуп Кудай Падышачылыгын өзү да күтүп жүргөн, жогорку кеңештин кадыр-барктуу мүчөсү болчу. Кеч кире баштаганда, ал Пилаттын алдына тартынбай кирип барды да, андан Ыйсанын сөөгүн берүүнү сурады. Ошол күн дем алыштын мурунку күнү – даярдануу күнү болчу. 44Пилат Ыйсанын тез эле өлүп калганын укканда, таң калды. Жүзбашыны чакырып алып:
– Анын өлгөнүнө көп болдубу? – деп сурады.
45Жүзбашынын жообун уккан соң, Жусуп Ыйсанын сөөгүн бердиртти. 46Жусуп ак кепин сатып алды да, сөөктү айкаш жыгачтан түшүрүп, кепинге ороп, аскага оюлуп жасалган көргө койду. Анан чоң ташты томолотуп келип, көрдүн оозун бекитти. 47Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям Ыйсанын сөөгүн кайда коюшканын карап турушту.

Currently Selected:

Марк 15: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in