YouVersion Logo
Search Icon

Лука 13

13
Ниетиңерди өзгөрткүлө
1Ушул убакта Пилат өлтүргөн галилеялыктар тууралуу Ыйсага кабарлашты. Пилат аларды малдарын курмандыкка чалып жаткан жеринен өлтүрткөн эле. 2Ыйса бул кабарды айткандарга айтты:
– Бул адамдардын күнөөсү галилеялыктардын баарыныкынан чоң болгондугу үчүн ушундай балээге туш болушту деп ойлойсуңарбы? 3Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куурайсыңар. 4Силоом мунарасы басып калып, каза тапкан он сегиз кишинин күнөөсү Иерусалимде жашагандардын баарыныкынан көбүрөөк болгон деп ойлойсуңарбы? 5Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куруйсуңар.
Ниетти өзгөртүүгө бир аз убакыт бар
6Ушундан кийин Ыйса мындай ибаратты айтып берди:
– Бир адамдын жүзүмзарында олтургузулган анжир дарагы болуптур. Ошол адам жүзүмзарына келип, анжир дарагынан жемиш издеп, таба албайт да, 7багбанга айтат: «Үч жылдан бери келип, мына бул анжирден жемиш издейм, бирок таба албайм. Ошондуктан аны кыйып сал, бекер эле жерди ээлеп турат». 8Багбан айтат: «Таксыр, быйыл да коё туруңузчу. Мен тегерегин жумшартып, кык төгүп көрөйүн. 9Жемиш берип калар. Эгер бербесе, анда эмки жылы кыя бериңиз».
Бүкүр аялдын дем алыш күнү айыгышы
10Бир дем алыш күнү Ыйса синагогалардын биринде таалим берип калды. 11Ал жерде жиндин таасиринен улам он сегиз жылдан бери такыр белин көтөрө албай бүкүрөйүп калган бир аял бар эле. 12Ыйса ошол аялды көрүп, чакырып алды да:
– Аял, дартыңдан кутул! – деп, 13колун үстүнө койду.
Ошол замат бели жазылып кеткен аял Кудайга алкыш айта баштады.
14Муну карап турган синагога башчысы Ыйсанын дем алыш күнү айыктырганына кыжырланып, элге:
– Иш кыла турган алты күн бар го! Айыгууга дем алыш күнү келбестен, ошол күндөрү келгиле! – деди.
15Эгебиз ага айтты:
– Эй, эки жүздүү! Өзүңөр дем алыш күнү өгүзүңөрдү же эшегиңерди акырдан чечип алып, сугарганы жетелеп барбайсыңарбы? 16Ал эми он сегиз жыл бою шайтандын байлоосунда келген Ыбрайымдын мына бул кызын дем алыш күнү куткарса болбойт беле?
17Ыйсанын бул сөзү Ага каршы болгондордун баарын уят кылды. Турган эл Анын кылган улуу иштеринин баарына кубанып жатышты.
Сары кычынын даны тууралуу ибарат
18Ушундан соң, Ыйса мындай деди:
– Кудайдын Падышачылыгын эмнеге салыштырсам? Аны эмнеге окшоштурсам? 19Ал бир адамдын өз багына эккен кипкиченекей сары кычынын данына#13:19 Абдан кичинекей дандуу өсүмдүк. окшош. Урук өнүп, чоң өсүмдүккө айланат да, бутактарына канаттуулар уя салат.
20Кудайдын Падышалыгын эмнеге окшотсом? – деди Ыйса сөзүн улантып, – 21ал бир аялдын камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткысына окшош, – деди.
Бейиштин эшиги тар
22Ошентип, Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Иерусалимге баратты.
23Кимдир бирөө Андан:
– Таксыр, аз гана адамдар куткарылабы? – деп сурап калды.
Ыйса ага айтты:
24Кудай Падышачылыгына тар эшиктен кирүүгө тырышкыла! Силерге айтып коёюн: көп адамдар кирсек дешет, бирок кире алышпайт. 25Эгер үй ээси ордунан туруп, эшиктерин жаап алса, сыртында каласыңар да, эшигин каккылап: «Таксыр, эшикти ачып койчу бизге» дейсиңер. Үй ээси болсо: «Мен силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм!» дейт. 26Ошондо силер: «Сени менен бир дасторкондо даамдаш элек го, биздин көчөлөрүбүздө таалим берип жүрбөдүң беле!» дей баштайсыңар. 27Үй ээси болсо: «Силерге айтып жатам, эй, ыймансыздар, кимсиңер, кайдансыңар, мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула!» дейт. 28Ошондо Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана башка бардык пайгамбарлардын Кудай Падышачылыгында калганын көрөсүңөр, а силер болсо сыртка кууласыңар. Анан боздоп, тишиңерди кычыратып, ачууланасыңар. 29Чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келгендер Кудай Падышачылыгынан орун алышат. 30Ошондо биринчи болуп калган акыркыларды жана акыркы болуп калган биринчилерди көрөсүңөр.
Ай, Иерусалим, Иерусалим!
31Ошол убакта фарисейлерден кимдир бирөөлөр келип:
– Бул жерден кетип калчы, Ирод сени өлтүрөм деп жатат, – дешти.
Ыйса аларга айтты:
32Барып, ал түлкүгө айтып койгула: «Мен бүгүн, эртең жиндерди кубалап, оорулууларды айыктырам да, үчүнчү күнү#13:32 Ыйса Өзүнүн айкаш жыгачка кадалып, өлүп, кайра үчүнчү күнү тирилери тууралуу айтып жатат. ишимди аяктайм». 33А бирок кантсе да, Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү сапарымды улантам, анткени пайгамбардын Иерусалимдин сыртында өлүшү мүмкүн эмес да! 34Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды таш бараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал, канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар. 35Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!» деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр.

Currently Selected:

Лука 13: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in