YouVersion Logo
Search Icon

Жунус 1

1
Кудайдан качкан адам
1Бир күнү Амитай уулу Жунуска Жараткан Эге мындай деди: 2«Камдангын да, улуу Нинеби шаарына барып, анын тургундарына Мен аларды жазаларымды жарыяла, анткени алардын бузуктук иштерин көрүп турам». 3Бирок Жунус Жараткан Эгеден башка жакка качып кетмекчи болуп, камданды да, Таршыш шаарына карай жөнөдү. Ал Жапа шаарына түшүп келип, Таршышка жөнөп жаткан кемени тапты. Анан жол акысын төлөп, кемеге олтурду да, Жараткан Эгеден качып кутулуш үчүн Таршышка сүзүп кетти.
Баш ийбес Жунуска Кудайдын каардануусу
4Ошондо Жараткан Эге катуу шамалды козгоду, деңизде алай-дүлөй бороон башталып, кеме бырын-чырын талкаланып кете тургандай болду. 5Кемечилер абдан коркуп кеткендиктен, ар ким өз кудайына катуу жалынып киришти. Анан алар кемени жеңилдетиш үчүн андагы жүктөрдү деңизге ыргыта башташты. Жунус болсо кеменин түп жагына түшүп, катуу уктап калган эле. 6Кеме башчысы ага келип:
– Эй! Сен эмнеге уктап жатасың? Тур, сен да өз кудайыңа жалын, балким сенин кудайың бизди аяп, тирүү каларбыз, – деди. 7Кемедегилер болсо өз ара: «келгиле, өкчөмө таш ыргыталы, кимдин айынан ушул алааматка кабылып жаткандыгыбызды билели» дешти. Өкчөмө таш ыргытканда, ал Жунуска түштү. 8Ошондо андан:
– Бизге айтчы, бул кырсыкка сенин айыңдан кабылып жаткан жокпузбу? Деги сен эмне жумуш кыласың? Кайдан келе жатасың? Кай жерден, кайсы элденсиң? – деп сурашты. 9Жунус аларга:
– Мен эвреймин. Көктөгү Кудайга – Жараткан Эгеге ийбадат кыламын. Ал – жер-сууну жараткан Кудай, – деп жооп берди.
10Жунус Жараткан Эгеден качып бара жатканын айтып бергенде, алар абдан коркуп кетишип:
– Эмне үчүн мындай кылдың? – деп сурашты. 11Бул арада деңиздеги толкун улам күчөп жатты. Ошондо алар андан:
– Деңиздеги толкун токтошу үчүн сени эмне кылышыбыз керек? – деп сурашты. 12Жунус аларга мындай деди:
– Мени деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу толкун менин айымдан болуп жатканын билемин.
13Алар болсо жээкке жетиш үчүн калактарын мурдагыдан да катуураак шилтей башташты, бирок деңиздеги толкун андан бетер күчөп туруп алгандыктан, жээкке жете алышкан жок. 14Ошондо алар Жараткан Эгеге катуу жалбарып:
– Оо, Жараткан Эге, бул адамдын жаны үчүн биз курман болбосок экен, эгерде ал күнөөсүз болсо, мойнубузга айып салба, анткени Сен Өзүңө эмне жакса, ошону кылып жатасың! – деп боздошту. 15Анан алар Жунусту деңизге ыргытып жиберишти. Ошондо долуланган толкун тынчтанып калды. 16Муну көргөндө кемедегилер Жараткан Эгеден абдан коркуп калышты, алар Ага курмандык чалууга убадаларын беришти.

Currently Selected:

Жунус 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in