Жакан 6
6
Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу
1Бир аз убакыттан кийин Ыйса Галилея көлүнүн чыгыш тарабына сүзүп өттү. (Ал Тиберия көлү деп да аталат.) 2Оорулууларга жасаган керемет-жышаандарын көргөндүктөн, көп эл Ыйсаны ээрчиди. 3Ал тоого чыгып, ошол жерде шакирттери менен сүйлөшүп отурду. 4Бул – иудейлердин Куткарылуу майрамынын алды болчу.
5Ыйса көз жүгүртүп караса, калың эл Аны көздөй келе жатыптыр. Ошондо Филипке:
– Буларды тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алабыз? – деди. 6(Ыйса муну Филиптин ишенимин сыноо үчүн айткан, себеби эмне кылмакчы болгонун Өзү билип турган.)
– 7Бизде эки жүз күмүш теңгеге#6:7 Бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысына барабар болгон. келчү нан болуп, ар бир адам бир сындырымдан жегенде да баарына жетмек эмес эле, – деп жооп берди Филип Ага.
8Ошондо башка бир шакирти – Ысман-Петирдин иниси Идрис Ыйсага мындай деди:
– 9Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге алар эмне болмок эле?
10Бирок Ыйса:
– Адамдарды жайгаштыра бергиле! – деди.
Көк майсандуу ошол жерге беш миңге жакын киши жайгашты. 11Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди да, жайгашкандарга таратсын үчүн шакирттерине берди. Балыктан да ар бирине каалашынча берди. 12Баары жеп, тойгон соң, шакирттерине:
– Ысырап болбосун үчүн нандын артканын жыйнап алгыла, – деди.
13Алар кишилер жегенден калган арпа нандын үзүмдөрүн жыйнаганда, он эки себет толду. 14Адамдар Ыйса жасаган ошол кереметти көргөндө:
– Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар – так ушул, – дешти.
15Ыйса алардын «күтүлбөгөн жерден кармап, падыша шайлап алабыз» деген оюн туюп, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.
Ыйсанын суу үстү менен басышы
16Кеч киргенде, Ыйсанын шакирттери көлгө барып, 17бир кайыкка түшүп, көлдүн ар жагындагы Капарноомго бет алышты. Караңгы кирип калса да, Ыйса аларга али келе элек болчу. 18Ошондо катуу шамал болуп, көл толкуй баштады. 19Алар беш-алты чакырымдай жүргөндөн кийин, суу үстү менен кайыкка басып келе жаткан Ыйсаны көрүп, коркуп кетишти. 20Ыйса аларга:
– Коркпогула, бул Мен элемин! – деди.
21Шакирттери Ыйсаны тосуп алмакчы болушту. Ошол замат кайык алар бет алган жээкке жетип калды.
Ыйса – чыныгы өмүр тартуулай турган «нан»
22Кийинки күнү көлдүн чыгыш жагында калган эл Ыйсанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка эч бир кайыктын болбогонун эстешти да, Ыйсанын алар менен бирге кайыкка түшпөй, шакирттери өздөрү гана кеткенин билишти. 23Эгебиз Ыйса Кудайга шүкүрчүлүк келтирип сыйынгандан кийин, эл нан жеп тойгон кечээги жерге дагы башка кайыктар Тиберия шаары жактан келип жатты. 24Ыйса менен шакирттеринин бул жерде жок экенин билген эл жанагы кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп, Капарноомго жөнөштү. 25Алар Ыйсаны көлдүн аркы жээгинен табышканда:
– Устат, бул жерге качан келдиң? – деп сурашты.
26Ыйса:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кереметтүү жышаан көргөндүктөн эмес, нан жеп тоюп калганыңардан гана Мени издеп жүрөсүңөр. 27Күнүмдүк тамак эмес, түбөлүк өмүр бере турган тамак үчүн аракеттенгиле! Аны силерге Адам Уулу гана бере алат, анткени Кудай Ата муну ошого дайындаган, – деди.
28Ошондо алар Ыйсадан:
– Кудайдын каалоосун аткаруу үчүн эмне кылышыбыз керек? – деп сурашты.
29Ал:
– Анын жибергенине ишенгиле, Кудайдын каалоосу – ошол, – деди.
– 30Сен кандай кереметтүү жышаан көрсөтөсүң? – деп сурады эл Андан. – Биз көрүп, анан сага ишенели. Кандай иш кыласың? 31«Аларга жей турган нанды көктөн берди» деп Ыйык Жазууда жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен.
32Ыйса аларга:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: көктөн нан берген Муса эмес, көктөн чыныгы нан берип жаткан Менин Атам. 33Себеби көктөн түшүп, адамзатка өмүр берүүчү – Кудайдын наны, – деди.
34Анда эл:
– Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип туруңузчу! – деди.
35Ыйса мындай деп жооп кайтарды:
– Мен – өмүр нанымын. Мага келгендер эч качан ач кетпейт, ишенгендер эч качан чаңкабайт. 36Бирок Мен силерге: «Мени көрсөңөр да, Мага ишенбейсиңер» дегем. 37Асмандагы Атабыз берген адамдардын бардыгы Мага келет, Мен болсо аларды кубалабайм. 38Көктөн Өз каалоомду эмес, бирок Мени Жибергендин эркин аткаруу үчүн түштүм. 39Жибергендин каалоосу болсо – Анын Мага берген адамдарынын бирин да жоготпой, баарын тең кыямат күнү кайра тирилтүүм. 40Себеби Атамдын каалоосу – Анын Уулун көрүп, Ага ишенген ар бир адамды түбөлүк өмүргө ээ кылуу. Мен аны кыямат күнү кайра тирилтип алам.
41Иудей башчылары Ыйсанын «көктөн түшкөн нан – Менмин» дегенине нааразы болуп, 42«мынабу Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Анын ата-энесин биз билебиз го? Анда ал кандайча „көктөн түштүм“ дейт?» – деп күңкүлдөштү. 43Ыйса аларга мындай деди:
– Күңкүлдөшпөгүлө! 44Мени жиберген Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт. Мен аны кыяматта кайра тирилтип алам. 45Пайгамбарлардын жазмаларында «Кудай алардын баарын үйрөтөт»#6:45 Ышая 54:13. деп айтылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким Мага келет. 46Арийне, Кудайдан келгенден башка эч ким Атабызды көргөн эмес. Атабызды көргөн – жалгыз ошол гана. 47Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ. 48Мен – өмүр нанымын. 49Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешсе да, акырында өлүштү. 50Бирок азыркы көктөн түшкөн нандын касиети мында: андан жеген адам өлүмгө дуушар болбойт. 51Мен – көктөн түшкөн тирүү нанмын. Бул нандан жеген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул нан – Менин денем, аны Мен адамзат чыныгы өмүргө ээ болсун деп, курман кылам.
52Ошондо иудей башчылары:
– Бул кандайча бизге денесин жесин деп бере алат? – деп өз ара айтышып, талаша башташты.
53Ыйса аларга мындай деди:
– Силерге Мен чындыкты айтып коёюн: эгер Адам Уулунун денесин жеп, канынан ичпесеңер, чыныгы өмүргө ээ болбойсуңар! 54Кимде-ким Менин денемди жеп, канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот жана Мен аны кыямат күнү кайра тирилтемин. 55Себеби Менин денем – чыныгы азык, каным – чыныгы суусундук. 56Денемди жеп, канымды ичкен ар ким Мени менен тыгыз байланышта болот. Мен да аны менен тыгыз байланышта болом. 57Мени түбөлүк тирүү Атабыз жиберди жана Мен Ал аркылуу өмүр сүрөм. Ошол сыяктуу денемди жеген киши да Мен аркылуу чыныгы өмүр сүрөт. 58Көктөн түшкөн нан мына ошондой. Ал ата-бабаларыңар жеген таттуу нандай эмес: алар акырында өлгөн, ал эми бул нанды жеген ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.
Ыйсанын сөздөрү чыныгы өмүргө жеткизет
59Ыйса муну Капарноомдогу синагогада таалим берип жатканда айтты. 60Муну уккан шакирттеринин көбү:
– Абдан оор сөздөр экен, ким муну угуп тура алат?! – дешти.
61Бул нааразылыкты байкап калган Ыйса аларга мындай деди:
– Ушул сөз силерди ызалантып жатабы? 62Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлгөнүн көргөн кезде эмне дейсиңер? 63Өмүрдү Ыйык Рух берет, ал эми пенденин колунан эч нерсе келбейт. Силерге айткан сөздөрүм аркылуу Рух берүүчү чыныгы өмүргө ээ боло аласыңар. 64Бирок араңардагы кээ бирөөлөр ишенишпейт.
Ыйса ишенбегендердин ким экенин жана ким Ага чыккынчылык кыларын башынан эле билгендиктен ушундай деген болчу.
– 65«Асмандагы Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт» дегенимдин себеби ошол, – деди Ыйса сөзүнө кошумчалай.
66Ушул күндөн баштап шакирттеринин көбү Ыйсадан баш тартып, ээрчибей калышты. 67Ошондо Ыйса он эки шакиртинен:
– Силердин да кеткиңер келген жокпу? – деп сурады.
68Ысман-Петир:
– Эгем, сенден кетсек, кимге барабыз? Түбөлүк өмүргө жеткирүүчү сөздөр сенде гана бар. 69Биз сенин Кудайдын жиберген ыйыгы экениңе ишенип, эми ошого көзүбүз жетти, – деди.
70Ыйса аларга:
– Ушул он экиңди Өзүм тандап алган эмес белем? Ошондо да араңардагы бирөө ибилистин жетегинде, – деди.
71(Ал Ысман Искариоттун уулу Жүйүт жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.)
Currently Selected:
Жакан 6: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018