YouVersion Logo
Search Icon

Жакан 10

10
Койчу жана анын койлору
1Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким кой короого эшиктен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал – ууру жана каракчы. 2Ал эми ким эшиктен кирсе, койлордун кайтаруучусу ошол. 3Кароолчу ага эшикти ачып берет, койлор аны үнүнөн таанышат. Ал өзүнүн койлорун атынан чакырып, жайытка чыгарат. 4Чыгарган соң, алардын алдында баштап басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат. 5Жат кишини ээрчибей, качышат, себеби анын үнүн таанышпайт.
6Ыйса бул ибаратты чогулгандарга айтып берди, бирок алар Анын сөзүнүн маанисине түшүнүшкөн жок.
Чыныгы өмүргө киргизүүчү дарбаза
7Ошондуктан Ыйса сөзүн улай мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: койлор кирүүчү дарбаза – Менмин. 8Менден мурун келгендердин баары ууру жана каракчы болушкан. Бирок койлор аларды угушкан жок. 9Мен – дарбазамын. Менден киргендин өмүрү сакталат. Ал ээн-эркин кирип чыгат жана жайыт табат. 10Ууру уурдап, союп, ойрондоо үчүн келет. Мен болсо адамдар чыныгы өмүргө, болгондо да берекелүү өмүргө ээ болушсун деп келдим.
11Мен – жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын аябайт. 12Жалчы болсо койчу эмес, койлор да аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, оторду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, туш тарапка чачыратат. 13Жалчы оторду таштай качат, анткени ал – жалчы, койлордун камын ойлобойт.
14-15Мен жакшы койчумун. Асмандагы Атабыз Мени кандай жакшы билсе, Мен да Аны ошондой жакшы билем, ошол эле сыяктуу, Мен Өз койлорумду кандай жакшы билсем, алар да Мени ошондой жакшы билишет. Мен койлорум үчүн жанымды кыям. 16Бул отордон башка да койлорум бар, ошолорду Өзүмө алып келүүм керек. Алар үнүмдү угуп, Мени таанышат, ошондо бардыгы бир гана койчусу бар короо болушат. 17Атам Мени жакшы көрөт, себеби Мен кайрадан ээ болоюн деп, койлорум үчүн жанымды кыям. 18Жанымды эч ким Менден тартып албайт, аны Өз каалоом менен курман кылам. Жанымды курман кыла турган да, кайтып ала турган да бийлигим бар. Бул – Мага Атамдын тапшырган милдети.
19Ушул сөздөн улам иудей башчылары эки жаат болуп, дагы айтыша кетишти. 20Көпчүлүгү: «Буга жин тийиптир, сандырактап жатат, эмнеге угуп турасыңар?» – дешти. 21«Бул жин тийген кишинин сөзү эмес! Жин сокур кишинин көзүн ача алмак беле?» – дегендер да болду.
Элдин Ыйсага ишенбей коюшу
22Мындан кийин Иерусалимде ийбадаткананы Кудайга кайрадан багыштоо майрамы болду. Кыш убагы эле. 23Ыйса ийбадаткананын короосундагы Сулайман падышанын атындагы түркүктүү бастырманын ичинде ары-бери басып жүрдү. 24Иудей башчылары Аны курчап алып:
– Канчага чейин бизди ээликтиресиң? Машаяк болсоң, ачыгын айт! – дешти.
25Мен айттым го, силер болсо ишенбей койдуңар, – деди Ыйса аларга. – Атамдын атынан кылып жүргөн иштерим ким экенимди айтып жатышат. 26Бирок силер ишенбейсиңер, себеби Менин оторумдан эмессиңер. 27Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды жакшы билем. Алар Мени ээрчишет. 28Мен түбөлүк өмүрдү ошолорго берем, алар эч качан курут болушпайт. Менин колуман эч ким аларды тартып ала албайт. 29Аларды Мага берген Атам баарынан улуу. Атабыздын колунан да эч ким тартып ала албайт. 30Мен асмандагы Атабыз менен бирмин.
31Бул сөздү уккан иудей башчылары Ыйсаны таш бараңга алуу үчүн дагы жерден таш алышты. 32Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
– Көз алдыңарда Атабыз тапшырган көп жакшы иштерди кылдым. Кайсынысы үчүн Мени ташбараңга алгыңар келип жатат?
33Сенин жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайды кордогонуң үчүн ташбараңга алабыз, – деп жооп беришти алар. – Сен адам болуп туруп, өзүңдү Кудай кылып жатпайсыңбы!
34Ыйса жооп берип мындай деди:
– Ыйык Жазууңарда «силер кудайларсыңар»#10:34 Забур 81:6. деп жазылган жери бар эмеспи. 35Кудай Анын сөзү жеткирилгендерди «кудайларсыңар» деген экен. Ал эми Ыйык Жазуунун күчүн жоюш мүмкүн эмес экенин биз билебиз. 36Анда асмандагы Атабыз Өзү атайын дайындап дүйнөгө жиберген Мен «Кудай Уулумун» десем, кандайча Кудайга акарат келтирдиң деп айта аласыңар? 37Атам тапшырган иштерди аткарып жүрбөсөм, Мага ишенбей эле койгула. 38Ал эми аткарып жүргөн болсом, анда сөзүмө ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле! Ошондо силер асмандагы Атабыз Мени менен, Менин болсо Аны менен тыгыз байланышта экенимди түшүнөсүңөр.
39Алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ыйса араларынан суурулуп чыгып, кетип калды.
40Ушундан кийин, Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын аркы бетине – мурун Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн жерге барып, ошол жерде жүрдү. 41Ага көп адамдар келишип, өз ара: «Жакыя эч кандай керемет көрсөткөн жок, бирок анын бул киши жөнүндө айткандарынын баары чындык экен» – дешти. 42Ошентип ал жерден көп адамдар Ыйсага ишенип калышты.

Currently Selected:

Жакан 10: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in