YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 11

11
Бабыл мунарасы
1Ошол кезде жер үстүндө бир тил болуп, адамдардын баары бирдей сөздөрдү колдонушкан. 2Адамдар чыгышты карай көчүп баратып, Шынар жеринен бир түзөң таап, ошол жерге отурукташты. 3Алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, аны отко бышыралы!» – дешти да, таш ордуна кыш, акиташ ордуна чайыр колдонушту. 4Анан «өзүбүзгө төбөсү көк тиреген мунаралуу шаар куруп, атыбызды чыгаралык, ошондо жер жүзүнө тарап кетпейбиз» дешти.
5Жараткан Эге адамдар куруп жаткан шаар менен мунараны көрүү үчүн төмөн түшүп, 6мындай деди: «Мына, алар бир эл болуп, бир тилде сүйлөгөндүктөн ушул ишти баштап жатышат. Эми алар ойлогон оюн ишке ашырмайын токтошпойт. 7Кана, төмөн түшүп, бири-бирин түшүнбөсүн үчүн алардын тилин чаташтырып салалы», – деди. 8Ушундай кылып, Жараткан Эге аларды бүт жер жүзүнө чачыратып жиберип, шаар курулушун токтотту. 9Ошондуктан бул шаар Бабыл#11:9 Бабыл … – «Чаташтыруу» деген маанини берет. деп аталып калды. Себеби Жараткан Эге ошол жерде бардык адамдардын тилин чаташтырып, аларды бүт жер жүзүнө чачыратып жиберген.
Шемден Ыбрайымга чейинки санжыра
10Шемдин санжырасы мындай: топон суудан кийин эки жыл өтүп, Шем 100гө чыкканда, Арпакшат аттуу уулдуу болду. 11Андан кийин Шем дагы 500 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 12Арпакшат отуз бешке келгенде, андан Шелах туулду. 13Шелах туулган соң, Арпакшат 403 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздардын атасы болду. 14Шелах отузга келгенде, андан Эбер туулду. 15Эбер туулгандан кийин, Шелах 403 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 16Эбер отуз төрт жашка келгенде, андан Пелек туулду. 17Пелек туулгандан кийин, Эбер 430 жыл жашап, дагы да уул-кыздарды көрдү. 18Пелек отуз жашка келгенде, андан Регу туулду. 19Регу туулгандан кийин, Пелек 209 жыл жашап, жана да уул-кыздарды көрдү. 20Регу отуз эки жашка келгенде, андан Серук туулду. 21Серук туулган соң, Регу 207 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 22Серук отуз жашка келгенде, уулу Нахор туулду. 23Нахор туулган соң, Серук 200 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 24Нахор жыйырма тогуз жашка келгенде, андан Терах туулду. 25Терах туулган соң, Нахор 119 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 26Терах жетимиш жашка келип, Ыбрам, Нахор жана Арандын атасы болду.
Терахтын санжырасы
27Бул Терахтын санжырасы: Терахтан Ыбрам, Нахор, Аран туулду. Арандан Лот туулду. 28Ал эми Аран өз атасы Терахтын көзү тирүүсүндө казди элинде, өзү туулган Ур шаарында дүйнөдөн кайтты. 29Ыбрам менен Нахор аял алышты. Ыбрам Сарага, Нахор болсо Арандын кызы Милкага үйлөндү. Аран Исканын да атасы болчу. 30Сара төрөбөс болгондуктан балдары жок эле. 31Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу – небереси Лотту жана Ыбрамдын аялы – келини Сараны алып, каздилердин Ур шаарынан Канаан жерине жөнөдү. Бирок Харанга келип, ошол жерде туруп калышты. 32Терах 205 жыл жашап, Харанда дүйнөдөн кайтты.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in