1
Марк 16:15
Инжил ЛС (2005)
Анан Ыйса аларга мындай деди: – Бүт жер жүзүн кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.
Compare
Explore Марк 16:15
2
Марк 16:17-18
Ишенгендерди бул жышаандар коштойт: алар Менин атым менен жиндерди кубалашат, жаңы тилдерде сүйлөшөт, жыландарды кармап алышса же уу ичип алышса, зыян тартышпайт, оорулууларга кол коюшса, алар айыгып кетишет.
Explore Марк 16:17-18
3
Марк 16:16
Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.
Explore Марк 16:16
4
Марк 16:20
Шакирттер болсо, бардык жерлерде ушул Жакшы Кабарды таратып жүрүштү. Эгебиз аларга жар болуп, айтылган сөздү кереметтүү жышаандар менен ырастап жатты. Аялдар Петир менен Анын шериктерине барып, өздөрүнө айтылган сөздүн баарын кыскача айтып беришти. Ушундан соң, Ыйса шакирттери аркылуу күн чыгыштан күн батышка чейин түбөлүк куткарылуунун ыйык жана өлбөс-өчпөс кабарын таратты.
Explore Марк 16:20
5
Марк 16:6
Улан болсо: – Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жүрөсүңөр! Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Анын сөөгү коюлган жер мына.
Explore Марк 16:6
6
Марк 16:4-5
Бирок карашса, таш жылып калыптыр! Таш болсо абдан чоң болчу. Көргө кирип, оң тарапта отурган ак кийимчен бир уланды көрүп, үрөйлөрү учту.
Explore Марк 16:4-5
Home
Bible
Plans
Videos