Араңардан бирөө мунара кургусу келсе, анда ал адегенде отура калып, сарптала турган чыгымды эсептебей, аягына чыгарганга каражаты бар-жогун калчабай туруп, ишке киришеби? Пайдубалын куярын куюп алып, калганын бүтүрө албаса, айланадагылар: «Бул кайран баштаарын баштап алып, аягына чыккан жок!» – деп шылдыңдашпайбы.