Петир ага айтты:
– Эй, Анания! Эмне үчүн ниетиңди шайтанга бийлетип, Ыйык Рухка калп айттың? Эмне үчүн жерден түшкөн акчадан кытып алдың? Жер да, саткандан кийинки түшкөн акча да сеники эмес беле? Эмне үчүн минтип, ниетиңди буздуң? Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың!
Анания бул сөздөрдү угар замат жерге кулап, жан берди. Бул окуяны көрүп билгендерди катуу коркунуч басты.